super.kg logo

Ысык-Көлдө эс алып жаткан Өзбек жарандарынын буюмдары уурдалып, ага шектүүлөр кармалды

 

Ысык-Көлгө эс алууга келген Өзбекстандын жарандарынын буюмдарын уурдоого шектелип Нарын облусунун эки тургуну кармалды. Бул тууралуу 9-августта Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-июлда Ысык-Көл РИИБине Өзбекстандын үч жараны арыз менен кайрылышып, эс алып жаткан жеринен уюлдук телефондорун жана акчаларын белгисиз жарандарга уурдатып жиберишкенин айтышкан.

"Алар Чолпон-Ата шаарында жайгашкан менчик эс алуу жайында эс алып жүрүшкөндө белгисиз адамдар алардын бөлмөсүнөн Самсунг А5, Самсунг С4 уюлдук телефондорун, эки iPad'ын жана 660 долларын уурдап кетишиптир. Аталган факты боюнча Ысык-Көл РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин уурдоо беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 15 күндөн кийин уурулукка шектүү адамдар кармалышкан. Алар Нарын облусунун 36 жаштагы Т.Ж. жана 22 жаштагы Ж.А. аттуу тургундары болуп чыкты. Шектүүлөр Ысык-Көл РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди жана кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары башка жасалган уурулуктарга тиешеси бар же жок экени жергиликтүү милиция тарабынан текшерилүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.08.2018. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уят эле
10.08.2018. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул жерде тартылган сурот жаман страшный чыгат аа
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: