super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Кыргыз кызы Италияда өткөн эл аралык симпозиумга "Ашык болгон бийкеч" композициясы менен катышты

 
Таштан жасалган айкелдин узундугу 2 метр 30 сантиметр

Кыргыз айкелчиси Тамила Маматова Италияда өткөн эл аралык симпозиумга катышып, анын композициясы көпчүлүктүн көңүл чордонунда болду. Бул тууралуу айкелчи өзү "Элдик кабарга" маалымдады.

Анын айтымында, 7 мамлекеттин сүрөтчү-айкелчилери катышкан иш-чара 8-июлдан 24-июлга чейин өткөн.

"Аталган маданий иш-чарага мен "Ашык болгон бийкеч" аттуу композициям менен катыштым. Латвия, Эфиопия, Хорватия, Канада, Кытай, Италия өлкөлөрүнөн келген айкелчилер менен достошуп, алар менин композициям - кыргыз бийкечинин образына суктанышты.

Өзүм ушул жылы Санкт-Петербург шаарындагы көркөм-сүрөт академиясын аяктадым. Буга чейин да көптөгөн өлкөлөрдө өткөн сынактарга Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышып келгем. Ошол сүрөттөрдү интернеттеги баракчаларга жарыялап турчумун, мындан улам Италиядан чакыруу келген.

Менимче, биз саясат, экономикага гана көңүл буруп калдык. Ар бир адис өз тармагында ийгиликтүү болсо гана биз өнүгөбүз деп ойлойм", - деп жазган ал өзүнүн билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: