Испаниялык "Реал Мадрид" футболдук клубу дарбазачы Тибо Куртуаны сатып алды

Испаниянын "Реал Мадрид" футболдук клубу дарбазачы Тибо Куртуаны сатып алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Бельгия улуттук курамасынын дарбазачысы 9-августта медициналык кароодон өтүп, "Сантьяго Бернабеу" стадионунда күйөрмандарга көрсөтүлөт. "Реал Мадрид" 26 жаштагы Куртуаны 35 миллион еврого сатып алып, 6 жылга келишим түздү.
Тибо Куртуа "Челси" футболдук клубуна 2011-жылы өткөн, бирок 3 жыл "Атлетико" клубунда ижарада ойногон. 2014-жылы "Челси" клубунун негизги дарбазачысы болуп, азыркы маалга чейин 2 жолу Англия чемпиондугун, 1 жолу Англия кубогун жана 1 жолу Англия лигасынын кубогун жеңип алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Бали тууган.++++++☆☆☆☆☆
Номери кимде бар сурап көргүлөчү
1 Кейлор Навас
2 Кико Касилья
3 Льюка Зидан (Зайнидиндин баласы)
4 Андрей Лунин
5 Тибо Куртуа