Журналистке орой мамиле жасаган мэрия кызматкери жумуштан бошотулду
КТРКнын кабарчысы Бурулай Пусурманкуловага орой мамиле жасаганы үчүн Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетектөөчү адиси Рустам Бейшеналиев жумуштан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, Бейшеналиев өзү иштеген башкармалыктын жетекчисинин 9-августтагы буйругу менен бошотулду.
"Аталган кызматкер мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын этика кодексинин №5-беренесин так аткарбагандыгына, ошондой эле норма этиканы сактабагандыгына байланыштуу этика комиссиясынын тыянагы менен бошотулду", - деп билдиришти мэриядан.
Журналист Бурулай Пусурманкулова жер боюнча репортаж даярдоо учурда мэрия кызматкери ага карата орой мамиле жасаганын айтып, видеосун 8-августта социалдык түйүндөгү өздүк баракчасына жүктөгөн.
Ошондой эле журналист баракчасына: "Бишкек жер курулуш башкармалыгында Рустам деген аял кишини сөккөн, өзүнөн кичине эркекти коркуткан "баатыр" иштейт. Кыргыз өлкөсү "баатырларын" жүзүнөн таанышы керек. Мына "баатырдын" кебетеси. Уят сөздөр менен сөгүп, "түнү уктагандан коркуп каласың" деп коркуткан жер курулуш башкармалыгынын кызматкери. Ал сөздөрдү айтып жатканда камераны жандырып албаптырбыз, жаман оюбуз жок эле. Камерага тарткандагы абал ушул", - деген пикирин калтырган.
SUPER.KG порталы Рустам Бейшеналиевдин пикирин угууга даяр. Учурда аны менен байланышуу аракети көрүлүүдө.
Журналистке орой мамиле жасаган мэрия кызматкери


Эмне учун буга окшогондор камалбайт ыя, хотя бы 3-6 айга?!! Же коомдук иштерге тартып, бир ай кочо шыпыртыш керек буга окшогондорду...
Андан интервью алсанар жанын деп актанат да, Мусабаевага окшоп...
.