super.kg logo

Рак илдетин жеңген балдар Орусияда өткөн Бүткүл дүйнөлүк жеңүүчүлөр оюнуна катышып олжолуу кайтышты

 

Орусиянын Москва шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк жеңүүчүлөр оюнуна Кыргыз жеринен барган балдар олжолуу кайтышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта өткөн маалымат жыйында айтылды.

"Бүткүл дүйнөлүк жеңүүчүлөр оюну бул жылы 9-жолу өткөрүлүп, ага биздин балдар биринчи ирет катышты. Орусиянын 32 аймагынан келген балдардан сырткары ар кайсы 14 өлкөдөн да өкүлдөр келишти. Бул оюнга катышуу демилгесин "Помогать легко" коомдук фонду көтөрүп чыккан. Оюнга катышууга жалпысынан 650 миң сом керектелип, бул каражат Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков жана мурдагы премьер министр Сапар Исаков тарабынан каржыланды.

Жалпы 500 бала катышкан оюнга биздин өлкөдөн 9 жеткинчек барып, 7 байгелүү орунга жетишти. Спорттук жөө жүрүш боюнча Мадина Адилбекова, Жаркынайым Сапарбекова алтын медаль тагынса, футбол оюнунда Даниэль Асанов, Артём Воробьёв жана Жаркынайым Сапарбекова күмүш медалга ээ болушту. Ал эми Адеми Рысбек кызы шахмат оюнунан жана Кирилл Кафанов футболдон коло байгеге жетишти", - деп билдирди "Помогать легко" коомдук фондунун директору Динара Аляева.

Маалымат жыйынга жеңүүчү балдар жана алардын ата-энелери да катышып, мелдешке катышуу аларга мыкты дем бергенин, кийинки жылы да бул мелдешке катышууну ойлонуп жатканын белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.08.2018. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубанычтамын! Олжонор кут болсун)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: