super.kg logo

Укук коргоочу: "Аскердик кызматын өтөп жүргөн жоокерлерди командирлери бут алдына аткылап, зым менен сабап, түрдүү жумуштарга иштетип турушкан"

 

Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы №73809-аскер бөлүгүндө аскердик кызмат өтөп жаткан 6 жоокер командирлери тарабынан ур-токмокко кабылганын билдирдип Аскер прокуратурасына кайрылышкан. Мындай маалыматты бүгүн, 9-августта "Кылым шамы" укуктук борборунун директору Азиза Абдирасулова SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, жоокерлер ушул жылдын 4-апрелинде аскер кызматын өтөөгө келишкен. Ал эми 5-майда жоокерлер ант берип, 7-майда аларды Ала-Тоо полигонуна алып келишкен.

"Командирлер жоокерлерди арык каздырып, тиричилик жумуштарын жасоого мажбурлашкан. Аскерлер ар кайсы жумушка жиберилип, жасаган иши үчүн командирлер иш берүүчүлөрдөн миң сомдон алып турушкан. Командирлер аларды мончонун курулушуна иштетип, катуу зым менен бутка чаап, сабап турушкан. Ошондой эле жоокерлердин биринин кулагына командири катуу уруп койгондуктан, анын кулагынан кан кетип токтобой, ата-энесин чакыртканга мажбур болгон", - деди Абдирасулова өзүнө келип түшкөн маалыматтардын негизинде.

Ал белгилегендей, жоокерлер бир ай бою ар кандай кыйынчылыктарды көрүшкөн.

"Командирлер жоокерлердин бутунун алдына ок атып, кыйын болсоңор качып кутулуп алгыла дешкен. Мындан улам бир аскер эс-учун билбей жыгылып, учурда психиатриялык ооруканада дарыланып жатат. Бул балдар бир айдан кийин гана Аскер прокуратурасына кайрылып, арыз жазышкан. Бул окуя 2 ай мурун болгон. Бирок жоокерлерди кыйнаган командирлер дагы эле жумуш ордунда иштеп жатышат. Ал эми жабырлануучулар дагы башка жакка которулбай кызматтарын өтөөдө.

Жетекчилик тараптан балдарга "силер саткынсыңар, силер жигит эмессиңер" деген коркутуулар болуп, мындан улам арыз жазган 6 баланын үчөө жазган арызынан баш тартууда. Республикалык психиатриялык ооруканада дарыланып жаткан жоокерге барганыбызда, биз менен сүйлөштүрбөй, тоскоолдуктарды жаратышты. Командири бизге "эми жигитчилик катары бир жолу жаакка чаап койсо, ушунча чуу кылып жатат. Бир эле күн иштетип койгонбуз, мончо бүтүп калса, кийин өздөрү деле түшүп турушат эле" дейт. Ал жерге ата-эне баласын мекенин коргосун деп жиберсе, булардын кылганы ушул", - деди укуктук борбордун директору.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(24)
09.08.2018. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Озу Кой Таштагы военный часть илгертен жесткийлик жагынан аты чыгып келген.Кой-Таш дегенде любой аскерге бара турган жоокер титиреп турчу.Мынтип ар кимге акчага сатып иштеткен болбойт.Жакшылап текшерип,сураштырса андан да коп нерселерди билсе болот.Уруп тепкилесе азыркы жаштар чыдабайт.
09.08.2018. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Акмакчылык...

Армиянын максаты бул эмес го?! Эмне, аскерде Мекенди коргоого уйротуу тарбиясы дедовщинага барып такалабы ыя?!!

Буга чейин канча канча ызы-чуу болду, ондогон жоокерлер арикандай жагдайларда каза болду, бирок озгоргон эч нерсе жок... Аскер прокуратурасы кайра оз офицерлерин коргоп чыгат... Кыскасы бардак жашоо...

Соке иштеп жатат дейсинер, корунуп турат Сокенердин "иштегени". Бардык жерде паракорчулук, зоокурлук, адилетсиздик...
09.08.2018. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Chagylgan1, аскердик жашоону жашабай туруп аскердик жашоону талкуулаганга укугуң жок. Ар кандай балдар барат ал жерге. Бирөөсүнө бир жакшы сөз жетсе бирөөсүнө жетпейт. Кээ бири апасынын койнудан жаңы чыгып барган катуу айтып койсо ыйлаган. Ал жерде эмне болгонун билбей туруп Абдирасулованын сөзү менен Сокени күнөөлөгөнүң туура эмес.
10.08.2018. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Dalil, жоокердик милдетин аткарбаган окурмандарыбыз көп окшойт, минус басып салыпсыңар. Жөн эле минус баспай оюңарды да жазып кеткиле. Жаакка бир чапса мени урду деп качкан жоокер эгер кокус согуш чыгып кетсе, согуштагы кыйынчылыкка чыдап же душмандын колуна түшүп калса алардын кыйноосуна чыдап бизди сатып кетпейт деп кимиңер кепилдик бересиңер? Аскерге аял эмес эркектерди чакырат. Армияда согуш болбөсун бирок дайыма согушка даяр тур деп тарбиялайт.
10.08.2018. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dalil,Согушка даяр тур деп уруп тарбиялайбы? Жаакка бир чапканда кулактан кан атабы? Ар бир ата эне баласын Мекенди коргосун деп жонотот ал жакка бироонун ишин кылсын же офицер, пропорщиктер урсун деп чонойткон эмес да туурабы? Андай зомбулуктар толтура ар бир часттын ичинде балдардын алды олуп жатпайбы. Ошол олгондорду да озун озу атты же асты деп жаап салып жатышат. Ушундайларды угуп коруп отуруп оз канындан жанындан чыккан баланды жоноткун да келбейт армияга
10.08.2018. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elia2015, ал жерде кызмат өтөбөгөн соң талкуулабай эле кой. Аскерге барган жоокердин баары эле эзилип таяк жей берет десең адашасын. Баары бирөө үчүн бирөө баары үчүн деген сөз бар ал жерде. Бирөөсүнүн физикалык алсыздыгы калган баарына жүк болот. Ошондой алсыз эркектер биринчиден өзү эле кыйналбай баарын кыйнайт. Экинчиден аны баары жаман көрөт. Тиги көчөдө жүргөн кыз сымал эркектер андай жерде чыдабасы анык.
11.08.2018. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chagylgan1,серин тоогун туубай калса да куноону сокеге оодара бер эми
09.08.2018. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ошон учун энелер балдарын жоноткусу келбейт.
09.08.2018. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир жеринер ооруп калса деле президенттен коро бересинерби??
Менин айтайын дегеним ар бир кызматтын оз башкарычуусу болот эмеспи.Башчысы жооп берсин тартипти орното албаса.
09.08.2018. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул нерсе бир эле кой ташта эмес, башка дагы аскер бөлүктөрүндө бар, бул нерсе менде да болгон.
09.08.2018. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азаттыкта жазылып жүрөт байкуш баланын талмасы кармап калыптыр, кичинекей кезинде бар болчу экен, кийин чоңойгондо айыгып ал оору жоголуп калган экен, армиядан присяга берген күндөн тартып эле опузалап ур токмокка алышып, буттарынын жанына мылтык менен аткылап жүрөгүн түшүрүп коюшуптур
09.08.2018. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Армия мындай түрдө жүрө берсе башка өлкөгө кул болорубуз белгилүү. Башка өлкөдө ар бир жоокерин баалап барктайт, анын билимин жана күч-кубатын арттырат. Бул ит офицерлер алтындай кыргыз жоокерин кул катары мазактайт. Кудайдын тозогу буюрса күтүп турат шашпагыла.
09.08.2018. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен инимди армияга бар тарбия алып келесиң деп үгүттөп жүрдүм эле, эми юул оюмдан кайттым, кереги жок бизге бул сасык армиянын
09.08.2018. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аскердик прокуратура офицерлерди коргоп коюусу мумкун. Мындай иш (арык каздырып, мончо жасаткан эмес, башка жумуш жасаганбыз гражданкага чыгып) бизде деле солдат кезде болгон. Бирок офицерлердин андай буттарынын астына аткылап кыйноосу бул ото эле ашыкча кыйноосу. Оз милдетин так аткарбагандык го.
Boha1 түзөттү 2018-08-09 23:11:37
10.08.2018. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Айтылгандардын 95% жалган укук коргоочулар башка тема менен иштесенер болмок экен...
10.08.2018. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Bekzamann,сага кошулам жомок кылып жибериптир го азыр андай заман эмес жоокерге катуу суйлосон качам же олом деп эле бетке айтат азыркы жаштар
10.08.2018. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jigitchem,Элдин балдары армияда олуп жатканы да жомокпу? Канча бала олду аскерде, бирин озун озу асты десе бирин озун озу атып алды кылып жаап жатышат, мен билгенден бир да аскер кызматкери жоопко тартылбай эле иштеп журушот...
10.08.2018. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Армияда кыйнайт,ишенбейт ага кобу.Менин таежемдин баласын да каттуу уруп коюшуп,операция болуп,аран озуно келген!А урган адам иштеп журот жакшынакай эле.Акча предлагать эткен,таежем акчасын албай,закон турундо жооп бересин деген,бирок жооп берген жок.
Stervamyn түзөттү 2018-08-10 09:33:06
10.08.2018. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2005-2006 Менда служба кылгам кой таш жакшы часть чыдаганга Кыйынчылыктар болгон албетте Жоокерди жоокер тарбиялайт деп койот болбосо бардак болуп кетпейби ар ким каалаганын жасап Бирок офицерлер жоокерлерди сабап кыйнаганы болбойт мындай офицерлерге наалат
10.08.2018. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эгер жооке кыйынчылык корбосо, анда кудай сактасын согуш болуп кетсе, "Мен окоп казбайм озун казып ал, укугумду тебелеп атасын деп укугун коргоп турса жакшыбы.Армия армиядай болуш керек. Эртен кокус Пленге тушуп калса жаагына бир чапса эле баардык аскердик сырды айтып коет .Укук коргоочулар оздорун пиар кылып атат.Акырындык менен Армиядагы ички тартипти булундургусу келет.Америка армиясында кандай гана кыйноолор болот ооз ачпайсынарго. Ит "кожоюнуна" карап урбойт деген чын да...
KUMKA түзөттү 2018-08-10 11:11:29
10.08.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KUMKA,Ал нерсени окутуп тарбиялаш керек уруп эмес. окуу тарбия иштери болуш керек сырттагы граждандардын ишин кылып журсо кайдагы армия. Андай нерсе бизде да болгон биз кичинераак мезгилде элдер заставадан солдаттарды апкелип кар куротуп отун жардырат эле козубуз мн коргонбуз мындан 20-25 жыл мурда. Ал мезгилде армияга эч ким барбайт эле контракт мн баргандар болсо кк эле
10.08.2018. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elia2015, аскерге эркектер барат кыз сымалдар эмес. Баары бирдей эмес. Бирөөсүнө бир сөз жетсе кээ бирине шапалак муш менен жетет. Кызмат өтөбөгөн кыз сымалдар минусуңарды баса бергиле нары жакта жашырынып жатып алып. Өзүңөрдү ачыктагандан уялып жатасыңарбы?
10.08.2018. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KUMKA, ошол элдин ишин эмес часттын ичиндеги ишти кылдырса ага эч ким каршы болбосо керек бала ишке да конуш керек да. Бирок сыртка алып чыгып сатып жатышпайбы азыркы Аскер жетекчилери кунуно 500-1000 сомдон. Бул ото эле аша чапкандык
16.08.2018. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да Кой-Ташта кызмат кылгамын.Бирок офицерлердин уйундо иш кылдырганы туура эмес.Жоокер озунун службасын кылыш керек.Дедовщина да керек.Болбосо ошончо солдатты тарбиялоо кыйын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: