super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Каныбек Осмоналиев: "Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу козголгон кылмыш ишине депутаттар да күбө катары суралуусу керек"

 

ЖЭБди жаңылоо боюнча чиновниктерди гана эмес, депутаттарды да жоопкерчиликке тартуу керектиги айтылууда. SUPER.KG порталынын "Ири долбоорлор боюнча кредит алууда өлкөнүн кызыкчылыктарынын корголушуна Жогорку Кеңеш да жооп бериши керекпи?" деген соболуна экс-депутат Каныбек Осмоналиев Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу козголгон кылмыш ишинде Жогорку Кеңештин 5-чакырылышындагы депутаттардын күнөөсү абдан чоң деген пикирде.

"Жаңылоо келишимди жактыруудан алдын ала толук кандуу талкууланган эмес. Аткаруу бийлигинин, президенттик аппараттын буйругу менен кабыл алынган. Өлкөнүн Баш мыйзамына жана "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" мыйзамына ылайык, депутаттардын жоопкерчилиги сөзсүз каралышы керек. Биринчи кезекте аткаруу бийлигинин мүчөлөрү, энергетика министри, Бишкек ЖЭБинин башчылары, "Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси түздөн-түз жооптуу. Анткени алар жаңылоону ишке ашырган, каражатты бөлүштүргөн. Бирок ЖЭБди жаңылоо келишими бир күндүн ичинде комитеттер тарабынан жактырылып, дароо эле 3 окуудан кабыл алынышы регламентке, мыйзамга да туура келбейт. Мен ошол кезде добуш берүүгө катышпасам да моралдык жоопкерчиликти моюнума алам. Бирок жалгыз эле комитет төрөгаларын күнөөлөгөн туура эмес. Комитет мүчөлөрүнүн да жоопкерчилиги каралышы керек. Тергөөнүн жүрүшүндө депутаттар да күбө катары суралуусу керек деп ойлойм. Мындан ары ушул сыяктуу ратификациялык мыйзам долбоорлорун кабыл алууда депутаттар буйрук бергенге жол бербеши керек. Бул Жогорку Кеңештин аброюн түшүрөт", - деди Осмоналиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева, Акылбек Жамангулов, экс-спикер Адахан Мадумаров, экс-депутат Феликс Кулов жана эксперт Расул Умбеталиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: