super.kg logo

Кен иштетүүчү жайда иштеп рак илдетине кабылган Ала-Бука районунун тургуну каза болду

 

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы "KAZ Minerals Bozymchak" компаниясында 6 жылдан бери калдыктарды топтоочу жайда иштеп келе жаткан Айбек Маматкерим уулу каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун айылдашы Кылыч Шанаев билдирди.

Анын айтымында, Маматкерим уулу Бишкектеги ооруканадан айылына бара жатып жолдо көз жумган. йбек Маматкерим уулу 26 жашта болчу. Ала-Буканын Көк-Серек айылында жашачу. Азыр айылына алып кетип жатабыз", - деп айтты Шанаев.

Ал буга чейин Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборунда дарыланып жаткан. Ага дарыгерлер өпкөнүн рак оорусу деген диагноз коюшкан. Буга чейин маркум зыяндуу аймакта иштегенине карабай, компания ага компенсация төлөгөн эмес деп нааразычылыгын айткан. Анын мындай пикирин мекеме жетекчилиги четке кагат. Айтымында, Айбек Маматкерим уулу иштеген жерде экологиялык бузуулар жок. Ал эми айлык акы 3 күн эрте түшөт деп билдирди. Жабырлануучу тарап эгерде өндүрүш учурунда укук бузуулар болгонун айтып, кагаз жүзүндө компанияга кайрылса, маселени четке какпайбыз дейт. Бул тууралуу видеоматериалды көрүү үчүн SUPER TV бөлүмүнө өтүңүз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
10.08.2018. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ыйманы саламатта болсун
10.08.2018. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жайы жаннаттан болсун
10.08.2018. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кана жанар акаев жардам берем деп ошо бойдон жок болду
10.08.2018. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкушум ий, ушунчалык жакшы бала болчу, жайы жанаттан болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: