super.kg logo
  Саясат  

Көмүскө экономика боюнча изилдөө жүргүзүлөт

 

Кыргыз өлкөсүндөгү көмүскө экономика боюнча изилдөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан кабарлашты.

Көмүскө экономика боюнча изилдөө жүргүзүүнүн жүрүшүндө көмүскө экономиканын ар түрдүү тармактардагы масштабдарын изилдөө сыяктуу аспектилерине, фискалдык саясат, товарларды өндүрүү жана кызматтар маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча көмүскө экономиканы кыскартуу чаралары иштелип чыкмакчы.

Бул долбоорду ишке ашырууга Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы эксперттик жардам жана техникалык көмөк көрсөтүүгө макулдугун берди.

Кыргыз Республикасынын экономикасынын байкалбаган тармагы боюнча изилдөө өткөрүү жана аны кыскартуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн эксперттерди (консультанттарды) жалдоо боюнча тендер жарыяланган. Тендердин жеңүүчүсү "PricewaterhauseCoopers LLP" ("PwC") компаниясы болгон.

Көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жана сунуштардын жыйынтыгы боюнча өкмөттүн 2019-2020-жылдарга карата экономиканын байкалбаган тармактарын кыскартуу иш-чараларынын планы даярдалат.

Белгилей кетсек, Экономика министрлиги көмүскө экономиканы кыскартуу максатында сатуудан алынуучу салыкты 2 пайыздан 5 пайызга көтөрүүнү сунуштоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: