super.kg logo

Өкмөт башчы: "Натыйжасыз мамлекеттик ишканалар жоюлуп же ишенимдүү башкарууга берилиши керек"

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишенимдүү башкарууга жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагындагы долбоорлор үчүн өткөрүп берилүүчү мамлекеттик объекттердин тизмесин түзүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы мамлекеттик менчикти башкаруу принциптерине өзгөртүүлөрдү киргизүү иштерин улантуу зарылдыгын белгиледи.

"Мамлекеттик менчиктеги мүлк калктын кызыкчылыгы үчүн иштеп, киреше алып келиши керек. Учурда мамлекеттик менчиктин саны көп болгону менен, ондогон гана ишканалар рентабелдүү иштеп жана жакшы натыйжаларды көрсөтүп жатышат. Натыйжасыз мамлекеттик ишканалар жоюлуп же ишмердүүлүгүнүн кайтарымын жогорулата турган бизнес өкүлдөрүнө ишенимдүү башкарууга берилиши керек.

Аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында көрүлүп жаткан кадамдар өлкө экономикасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү компоненттердин бири болуп калат. Бүгүнкү күнү инвесторлор үчүн инвестициялык лотторду түзүү чечими кабыл алынды. Бул чечим бизнес үчүн бюрократиялык жана коррупциялык көрүнүштөрдү кыскартууну шарттайт. Лотторду түзүү өсүү түйүнү катары тандалган 20 шаарга инвесторлорду тартууга жол ачат", - деди Абылгазиев.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев маалымдагандай, учурда токтоп турган жана жарым-жартылай пайдаланылган имараттардын, курулуштардын, жер тилкелердин саны көп.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна айдын аягына чейин ишенимдүү башкарууга жана мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорлор үчүн өткөрүп берилүүчү объекттердин тизмесин даярдоону тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: