super.kg logo
  Спорт  

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга даяр экенин 52 өлкөнүн спортчулары билдирди

 

Кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде 2-сентябрда баштала турчу III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга даяр экенин 52 өлкөнүн 1 миң 946 спортчусу билдирди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Спортчулар катышууга даяр экенин электрондук аккредитация аркылуу билдиришкен. Оюнчуларды каттоо 31-июлда жыйынтыкталган.

Кайсы өлкөдөн канча спортчу катышат:

Кыргыз өлкөсүнөн 458 спортчу, Орусиядан 235 спортчу, Казакстан-195, Өзбекстан-108, Пакистан-91, Иран-92, Түркмөнстан-65, Индия-64, Ооганстан-62, АКШ-58, Тажикстан-55, Украина-46, Кытай Эл Республикасы-37, Шри-Ланка-34, Монголия-21, Франция-19, Польша-23, Беларусь-17, Болгария-17. Калган өлкөлөрдөн 16дан спортчу келет.

Катышуучулар спорттун 37 түрүндө күч сынашат. Жалпы 549 медаль ойнотулат (174 алтын, 173 күмүш жана 247 коло). III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы байге фонду 26 миллион сомду түзөт. Оюндар 2-8-сентябрь аралыгында өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: