super.kg logo

Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулайдын атасы: "Кызымдын өлүмү боюнча иш жабылып калганы турат" (кыздын жансыз денесинин сүрөтү)

 

Сүрөттөн "Н" деген тамга, "+" деген белги көрүнүп турат. Бул сүрөт Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиевдин уруксаты менен алынды.

Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон 20 жаштагы Бурулайдын иши жабылып калганы турат. Бул тууралуу маркумдун атасы Турдали Кожоналиев SUPER.KG'ге билдирди.

"Экинчи жолу жасалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын да кызымдын көкүрөгүнө бычак менен жазылган тамгалар болгон эмес деп чыгарып беришти. Менин колумдагы далил сүрөттөрдү көргөзсөм, ал дефибриллятор аппаратынан калган так деп жатышат. Ошондо дарыгерлер дефибриллятор менен сүрөт тартып ойногон болуп калабы? Ал эми кызымдын өлүмүнө жол ачып берген милиция кызматкерлерине карата бир гана "шалаакылык" беренеси менен иш козголгону жатат. Бурулайдын өлүмүнө тиешелүү адамдар жазасын албай, иш ушуну менен жабылып калуу алдында турат.Бир нече күн мурун ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кабыл алмак. Ага жалгыз барбай адвокаттарым менен барайын десем, адвокаттарымдын соттук отуруму бар болгондуктан бошой албай калышты. Андан бери өзүбүз чакырабыз деген бойдон кабар жок.

Жогорудагы далил сүрөттөрдү элге жарыялайм десем, тергөөчү чыгарбоону өтүнгөндүктөн коё турайын дегем. Кайра эле андай жазуу жок деп жыйынтык чыгарып бергенден кийин, жок жазууну айтыптыр деп элге жалганчы болом. Ошондуктан бардык массалык маалымат өкүлдөрүнө айтарым, мендеги далил сүрөттөрдү жарыялап, бул иштин аягына чыгышына жардамдашсаңыздар. Анткени эл таразалап, эл чечпесе, башкалардан эч кандай майнап чыкпасына көзүм жетип калды", - деди Бурулайдын атасы.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган.

Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, жигит 29 жаштагы Марсбек Б. экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марсбекке эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.

29-майда Бурулай Турдали кызынын жансыз денеси жерге берилип, ошол күнү маркумдун атасы "кызымдын денесин майрам сууга алып жатып көкүрөгүнө Н+Б жана икс белгисин бычак менен жазылганын көрдүк. "Н" деген тамга бул кызыма куда түшүп кеткен баланын атынын баш тамгасы. Мынчалык мыкаачылык менен өлтүргөнчө милициялар кайда жүрдү?" деп билдирген.

Бул маалыматты Чүй ОИИББинин башчысы болуп турган Нурлан Сарчаев калп деген. Анын айтымында, окуя 1 мүнөткө жетпеген убакыт аралыгында болгон. "Бул убакытта андай тилип жазуу мүмкүн эмес жана кыздын денесин экспертизага берген учурда бычактын 3 жолу сайылган жаракаты гана болгон", - деген Сарчаев. 4-июнда Бурулайдын өлүмү боюнча 23 милиция кызматкерлерине чара көрүлүп, анын катарында Нурлан Сарчаев кызматтан алынган. Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.


кошулду





Бурулайдын өлүмү. Туулган күнгө белек ордуна күмбөз

Автор: Мундуз Нурланбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(41)
10.08.2018. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллах озу сактасын эмне эле болуп кайжака кетип атабыз мусулман бир туугандар.
10.08.2018. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Кыз деген оз бактын коруш керек эле корбой калганына эмне себеп? жооп сойко салып коюп акчаны даярда анан чоон той откоруп алып кетесин деп куйо баласын жолго салып койсо керекда! менин оюм дагын Кудай билуучу зат!!!
10.08.2018. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
nuru95kg, оозуна келгенди оттой бересинби
10.08.2018. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Акча менен бутуруп жатса керекда камаш керек эмне гана шумдук окуя болгон психпи башка жиндиби ошол олтургон бала камаш керек
10.08.2018. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-38
Тенирим сактасын. Кыргыздар аман бололук.
10.08.2018. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бала олтургонуно такыр ишенбей турамын. Милицияканада сотрудниктер менен чырдаша кетип кокустан бирдеме кылып алгандайго артын жабыш учун болгон эле аракетин кылып жатышкандай. Эмне эле баары качып жатат анан буларды беттештириш керек болуп калды коз карандысыз уюмдарды ортого салып.
10.08.2018. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Эмне учун ушул убакка чейин баланын коргозмосун ачыкка чыгарып бербейсинер сурак болуп жатат да!? Биз карапайым калк, талап кылабыз!!! Бурулайды ала качкан баланын коргозмосун ачыкка чыгаргыла!!!
10.08.2018. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
kenje-888, Мен да айткам ошентип эмнеге баланы корсотпойсунор ата энесин тууган уругунан эмне үчүн интервью алышпайт чындык үчүн акыйкат үчүн. Супер өзүңөр барып маалымат алгылачы баланын ата-энеси эмне дейт
10.08.2018. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Акча сүйлөп турган жерде, чындык чыркыраап ыйлап турат!!! Ата-Энесине эле кыйын болду чындык үчүн сүрөтүн чыгарганга да макул болуптур.Кыргызстан оңолбойт, просто зениң кейийт айла жок кана кол кушуруп каласың.
10.08.2018. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин милиция соттор баары коррупцияга баткан.
Чындык ачылбай кала берет эми..
Өзүң тандап алган бийлигиң.
10.08.2018. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Элдер кошо жардам бербесе болбойт. Чогулуп талап кылыш керек жаштар Бурулайды колдоп!!!
10.08.2018. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Ысык-Көл жана Президент жөнүндө ыр токуп акын боло бербей бир телефон үчүн,андан көрө карындашыбыздын жаркын элеси үчүн, чындык үчүн баарыбыз бийликке срок берели 10 күндүн ичинде акыйкат чечим чыгарып ушул темага чекит койсун.
10.08.2018. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
urmat.kg87,он кун отуп кетсе эмне кыла аласын...
10.08.2018. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Акыйкаттуу чечип бергиле
10.08.2018. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адилеттүү падыша болуп жайкын жашоо болсо, укугун тебеленбесе жердин үстүндө жашоо абзел.Кыянаттык,жалганчылык, бузукулук, адилетсиздик болсо жердин алдында жашоого шашылган дурус
10.08.2018. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мен Сокеге түшүнбөдүм же ал калпеле сүйлөй береби? Кыздын жигитине барбайбы баары ачыкка чыгатго ошондо,эмне аны жашырып көргөзбөй жатышат же алда өлгөнбү? Менин оюмча кызданда мурун жигити өлгөн,жигитин өлтүрүп алышып анан кыздын көзүн тазалашкан,болбосо жигитин көргөзүшмөк
11.08.2018. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kokboru,анда жигити олгон болсо анын туугандары унчукпай отурмак беле. Алар деле чыгышмак. Баланы мойнуна алдырышкан болуш керек милициялар. Эмнеси болсо да кыз байкуш жок болду, ичин куйуп эле кетет ойлосон. Ата энесине сабыр берсин!
10.08.2018. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Менттердин айрымдары жакшы эмес десем, - Минусту" кыйрата басты эле бир макаладан. Эми бул иштин башында ким турат? Иш каерден башталып, каерден жыйынтыгы бурмаланып жатат? Жазасын Кудайым берсин ошо зөөкүрдүн, кызмат ордунан пайдаланган айбандын да жазасын берсин.
10.08.2018. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Бул маселени Шавхат Мирзеевке айтса, бир күндүн ичинде чара көрүлмөк...тилекке каршы бизде андай эмес. Ата-энесине эле убал болду, чындык издеп,барбаган жери калбаптыр
10.08.2018. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ээх эгер жабылса орган адамдары катыштыгы бардп
10.08.2018. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Милицияда куноо десек "Н" ди алар кайдан билет чын эле ала качкан бала олтургонбу деп калдым...
10.08.2018. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынында аябай өкүнүчтүү окуя болду. Бирок болоор иш болду эми эмне кылсаңарда артка кайтара албайсыңар андыктан ушул кыздын жылаңач денесин элге көрсөтүп интернетке жариялагандан көрө ушул иштин жабылып калганы дурус болмок. Атасына айтаарым кызыңдын көкүрөгүн элге жариялагандан көрө тынч кой болду эми көрүндө тынч жатсын.
10.08.2018. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бул жерде балага бир нерсе кылып алышкан анан кыз ага кубо болуп калды кызды олтуруу керек болду.Бирок эми ким билет.Неге ушуга чейин бала мындай сурак берди тигиндей сурак берди деп айтпай жатышат.Мен дагы ишенбейм бала олтургонуно.
10.08.2018. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Таластык бала өлтүргөн
10.08.2018. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бычак менен жазганы эксперт болбосоңда билинип туратко байкуш чырактай кызды жок кылдыңар
10.08.2018. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул жерде бирөөнү күнөөлөгөнүм үчүн АЛЛАХым өзү кечирсин,бирок менин жеке оюум, болуп койгон баланы да сурак кылыш керек, ошол баланын таанышы милиция кызматкери болуп ортодо уруш чыгып кызды өлтүрүп алышкан болушу мүмкүн.
10.08.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Милициялар эле олтуруп коюшту... Бул жерде чооон сыр жатат. Ушул окуя болгондо эле жигит олтурду деп ишенген эмесмин
10.08.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ай байкуш кыздын арбагын чыркыратпай соокту жерге бериш керек аны кайра кайра казып чыгаруу бул чон куноо арбак кыйналат кыздын атасына сабыр тилейм кызыныз шейит кетти ал бейиштик аллахтын убадасы бар шейиттер учун ал кызды ким олтурсо да ал учун аллахтын каары жана туболук тозок бул да аллахтын окуму
SUPER.KG видео
10.08.2018. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш ата,сабр кылыныз...
Чондорго айтарыым Кудайым жазаласын силерди козунорду чукуп алсын...Ушул атадай болуп атадан да отуп боздоп калгыла...
Ушул атага жардам берсек кантет экен фонд ачылганбы же...
10.08.2018. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ел калын журт чогулуп камактагы баланын ата енесинин уйуно барып каттуу сурак алганда гана чындык чыгат бала да болгонун айтат акыры.Кысымга алыш керек елге койсун баланы чыгарышсын.Ким емне дейт?
SUPER.KG видео
11.08.2018. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уулу урматтуу президент сизден суранабыз ушул агабыздын унун угуп койунчу момун мусулман болсонуз!!
11.08.2018. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким олтургон болсо да каргыш урсун .
12.08.2018. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми, байкуш кызды жөн койгула да. Экспертизага бербей эле коюш керек болчу. Канча жерин кесип, канча органын алып салды. Бир АЛЛАХ ка коюп коюш керек эле.
SUPER.KG видео
13.08.2018. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: