III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна видеороликтерди тартуу үчүн 3 миллион сомдон ашык каражат сарпталат
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземине видеороликтерди тартуу үчүн Маданият маалымат жана туризм министрлиги 3 миллион 500 миң сом жумшайт. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы маалымдайт.
Сынактын жеңүүчүсү Хан-Теңири чокусунда, Ысык-Көлдө тартыла турчу 20 мүнөттүк видеоролик үчүн режиссёрду, жумушчу топту жана адистерди көргөзүүсү керек.
"Аталган ролик театрлаштырылган көргөзүүлөрдү коштоп жана ат майданында болуп жаткан окуялар менен бирге көрсөтүлөт. Видеолор көчмөндөр оюндарынын башкы режиссёру бекиткен сценарий менен тартылат", - деп билдирет министрлик.
Тартуу иштерине жалпысынан 40 каскадёр катышат.
Автор: Айзада Тураркулова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Балдарга жолок пул десе тырышышат.Эми кайдагы бир мамлекетке оорчулук келген нерсеге чача бергиле.
Азыр Кыргызстанга мындай салтанат откоруу эрте болчу
Ысырапкорчулук. Кыргызстандын карызы ввпдан ашып кетип жатат. Мигрантардын гана эсебинен жашап калган Кыргызстанга ушунча ысырапкорчулуктун эмне кереги бар.
Ысырапкорчулук бул жагы да,видеоролигиңерди 500 миңге тартса кеңири жете турган нерсеге,3 млн сом кошуп коюпсуңар өзүңөргө ашырыш үчүн.Уят деген барбы силерде.
Азыр Кыргызстанга мындай салтанат откоруу эрте болчу