super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Дастан Бекешев жана Равшан Жээнбеков “Парламент модели” жаштар долбоорунун катышуучулары менен жолугушту

 

Депутаттар Дастан Бекешев жана Равшан Жээнбеков кечээ, 28-июнда “Парламент модели” жаштар долбоорунун катышуучулары менен жолугушту. Жолугушууга ЕККУнун Бишкектеги Борборунун аскерий-саясий бөлүмүнүн башчысы Росс Браун, Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетин тейлөөчү бөлүмдүн башчысы Айнагүл Супотаева катышты. Иш-чарада сөз сүйлөгөн депутаттар азыркы шартта жаштардын келечегине мектепте жана жогорку окуу жайында алган билими маанилүү роль ойноорун белгилешти. Жолугушуу түз баарлашуу форматында өттү. Анда долбоордун катышуучулары жалпы республикалык тестирлөөнү уюштуруу жана өткөрүү, билим берүү тутумун өркүндөтүү, мектептерде окутуунун жаңы программасын иштеп чыгуу сыяктуу маселелерди көтөрүштү. Белгилей кетсек, ЕККУ менен Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык кеңештин “Парламент модели” долбоорунун катышуучулары Бишкек шаарындагы мектептердин 9-10-класстын окуучулары. Долбоор жаштарга парламенттик башкаруу формасы түшүнүгүн арттыруу, демократиялык кайра курумдардын негизги принциптерине окутууга багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: