super.kg logo

"Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакированын өлүмү боюнча анын апасы өлкө башчыга кайрылды

 

"Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакированын өлүмү боюнча анын апасы президент Сооронбай Жээнбековго кат түрүндө кайрылуу жасады. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта маркумдун апасы Насипа Мамбеталиева SUPER.KG порталына билдирди.

Өлкө башчыга жазган кайрылуу катында ал кызынын өлүмү боюнча окуянын калыс тергелишин өтүнгөн.

"Бир жума мурун жазган катымда кызымдын окуясы акыйкат тергелсе деген өтүнүчүмдү айткам. Бирок жооп келе элек. 3-августта шектүүнүн үй камагына чыгарылган убактысы бүткөн экен. Жактоочубуздан бул боюнча сурасам, ал кайра узартылганын айтты. 15-августта Ысык-Көл райондук сотунда биринчи сот процесси болот", - деди Мамбеталиева.

Эске салсак, 2-июнда саат 21:30дар чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда Кыргыз өлкөсүнөн чыккан "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова жол кырсыгына кабылып каза болгон. Унаа Чок-Тал айылынын кире беришиндеги мүрзөнү курчаган дубалды сүзүп алган. Окуя болгон жерден 31 жаштагы жүргүнчү алган жаракатынан улам Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу туугандары тарабынан Бишкек шаардык №4-ооруканага жеткирилген. Маркум Сания Шакированын сөөгү 4-июнь күнү Кара-Балта шаарында жерге берилген. Кырсыкка кабылган унаанын айдоочусу шектүү катары кармалып, 27-июнда ал Ысык-Көл облустук соту тарабынан үй камагына чыгарылган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
10.08.2018. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул эми кырсыкта айдоочу атайын кылган жокта
11.08.2018. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aza84,мас болуп рульга отуруу атайын мн бирдей
10.08.2018. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айдоочу мас болуп жатбайбы
10.08.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мас болсо чыкпаш керек эледа
10.08.2018. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Коп баскан аяк бок басат болду да эми. Жакшынакай аял 3 уй булолуу эркек мн Колдо суутуп койду беле. Кандай гана уяттуу олум болду.
12.08.2018. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AKCAHAT,туура.Коп баскан аяк ...басат.Аллах озу кечирсин!Бирок водительди куноологон болбойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: