Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай көзү тирүү болгондо эртең 20 жашка толмок. Анын көрүстөнүнө эстелик коюлду







Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызы көзү тирүү болгондо эртең 20 жашка толмок. Ал 1998-жылы 11-августта туулган эле. Бүгүн анын көрүстөнүнө эстелик коюлуп, туугандары, мугалимдери жана классташтары эскеришти.
"Бурулай эч кимге зыяны тийбеген жоош, момун кыз болчу. Сабактарды да эң мыкты деген баага окучу. Анын арабыздан кетиши биз үчүн аябай күтүлбөгөн окуя болду. Дагы деле анын жок экенине ишене албай келебиз", - деп эскерет Бурулайдын классташы.
Атасы Турдали Кожоналиев көзүнө жаш алып "эртең анын туулган күнү. Ошого байланыштуу бүгүн туугандар чогулуп үйгө куран окутуп, коюлган жерине эстелигин коёлу дегенбиз. Арабызда жаркылдап-жайнап жүрсө болмок" деп көзүнө жаш алды.
Мындан сырткары тергөө иштеринин жүрүшүнө токтолуп, күнөөлүүлөр тийиштүү жазасын албай жаткандыгын айтты.
"Тергөө иштери дээрлик соңуна чыгып калды. Акыйкаттык жок. Кызымдын өлүмүнө жол ачып берген милиция кызматкерлерине карата бир гана "шалаакылык" беренеси боюнча айып тагылганы турат. Алардын баары эркиндикте жүрөт. Шалаакылык эмес, алар кылмышка катыштыгы бар адамдар катары дагы берене кошулушу керек эле. Мен тергөөнүн жүрүшүнө нааразымын. Экинчи жолу экспертизага бердим эле, жыйынтыгын мурдагыдай эле, болгону убактыларын, күндөрүн алмаштырып чыгарып беришти. Буга мен ишенбейм", - деди Турдали Кожоналиев.
кошулду
Бурулайдын өлүмү. Туулган күнгө белек ордуна күмбөз

Ала качуу салт эмес го, бирок ала качкандардын баары эле ажырашып же кордук коруп жашап жаткан жери жок. Ошол куйоосу ала качып уйлонгон аялдардын жарымы бугун бактылуу эле жашап жатат, табыштырган тагдырына рахматын айтып...
Куйушуп-суйушуп тийгендер ажырашпай жатышыптырбы?! Адарда да бул койгой бар.
Баса, Отунбаеваны айтасын. Отунбаева 2010-жылы "Убактылуу Окмоттун" жетекчиси катары, Ош окуясынын келип чыгышына, анын акыбетинде жуздогон адамдар каза болуп, андан кобу майып болуп калганына жоопкерчилик алат болду бекен, ошол суроого жооп берсинчи абжен?!!
Неге ушул баладан интеивю алынбайт
Чондорго айтарыым Кудайым жазаласын силерди козунорду чукуп алсын...Ушул атадай болуп атадан да отуп боздоп калгыла...
Ушул атага жардам берсек кантет экен фонд ачылганбы же...