super.kg logo

Түштүк Корея Кыргыз өлкөсүнө 2 өрт өчүрүүчү жана 2 медициналык "Тез жардам" унаасын берет

 

Түштүк Корея Кыргыз өлкөсүнө 2 өрт өчүрүүчү жана 2 медициналык "Тез жардам" унаасын берет. Бул тууралуу Кыргыздын Түштүк Кореядагы элчилигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 9-августта Кыргыздын Түштүк Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Султан Сеул шаарынын өрт өчүрүү кызматынын өкүлдөрү менен жолугушкан. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасына куткаруучу техникаларды берүү маселеси талкууланган.

"Сеул шаардык өрт өчүрүү кызматынын райондук башкармалыгынын жетекчиси Чонг Чжэ-хунун айтымында, Корея Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өрт өчүрүүчү унаалар 8 жыл, "Тез жардам" унаалары 5 жыл пайдаланылгандан кийин колдонуудан чыгарылат. Андан кийин унаалар сатыкка коюлат же эми өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө кайтарымсыз берилет. Буга байланыштуу жолугушуунун жүрүшүндө кийинки жылдан тартып Сеул шаардык өрт өчүрүү кызматынын Башкы штабынын көмөгү менен Кыргыз өлкөсүнө жалпы 4 унааны жөнөтүү белгиленди", - деп жазылат маалыматта.

Муну менен катар эле Сеул шаардык өрт өчүрүү кызматынын өкүлдөрү Түштүк Корея эл аралык кызматташтык агенттиги тарабынан кийинки жылы Кыргыз жерине өрт өчүрүү кызматынын 4 бөлүмүн куруу долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын билдиришкен. Бул долбоордун алкагында өрт өчүрүүчү 12 унаа өлкөгө жөнөтүлөт.

"Кореянын өрт өчүрүү кызматы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерине өрт өчүрүүчү жана заманбап "Тез жардам" унааларын пайдалануу боюнча акысыз түрдө тренингдерди уюштурууга даяр экендигин билдиришти. Мындан тышкары келип-кетүү чыгымдарын өздөрү каржылайт", - деп элчиликтин маалымат кызматы кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
10.08.2018. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы жаңылык десеңер бирок биз качан башка өлкөлөргө ушинтип жардам берет экенбиз э ?
10.08.2018. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мага ушул элчи жагат. Абдан активдүү иштейт.
10.08.2018. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ишинизге ийгилик!
10.08.2018. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кылыч байке любббой жерге барбасын иштин майын чыгарат/Баардык эл менен тил табыша алган ишкер адам/Азаматсыз,сиздей инсандар кобойо берсин!!!
10.08.2018. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тигил мамлекет бизге машина автобус берет бул мамлекет бизге акча берет экен деп сүйүнүп жүрө бергиле
11.08.2018. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир кун келет бизда башка олколорго жардам беребиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: