super.kg logo
  Саясат  

Саясатчы Темирбек Асанбеков: "Миграция маселеси - кыргыз элинин башына келген оор көйгөй"

 

Экс-президент Роза Отунбаеванын миграция тууралуу сөзү талашка түштү. SUPER.KG порталынын "Миграция өлкөнүн трагедиясыбы же мүмкүнчүлүгүбү?" деген соболуна "Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков жооп берди.

Ал миграция экономиканын төмөндүгүнөн улам келип чыкты деген пикирин билдирди.

"Бул кыргыз элинин башына келген оор маселе. Сүйүнө турган эч нерсе жок. Мунун чечиле турган жолу - бир гана экономиканы өнүктүрүү. Бул бир эле күндө пайда болгон жок. Билимдүү адамдарды туура эмес пайдаланып өзүбүздүн кубаттуулукту чет өлкөгө чыгарып жибергенбиз. Бүгүнкү күндө чет өлкөгө кетип жаткан мигранттарды кайгы катары кабыл алуу керек. Алардын өлкөгө кайтып келүүсүнө шарт түзүүнү өкмөттүн деңгээлинде көтөрүү зарыл. Болбосо биз эч качан бул туңгуюктан чыга албайбыз. Мигрант болуп анча-мынча күнүмдүк пендечилик маселесин чечкен балдарды презентация кыла берген болбойт. Миграциянын артында көп кайгы-муңга баткан, психологиялык жактан кыйналган адамдар бар. Муну мен улуттук трагедия катары кабыл алам. Мамлекетте жумуш орундары түзүлсө, өздөрүнүн социалдык маселелерин чече албай сыртка кеткен билимдүү адамдар өлкөгө кайтып келмек", - деди Асанбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Сагындык Келдибаев, Абдывахап Нурбаев, Мамлекеттик миграция кызматынын тышкы миграция бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев, "Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан, жарандык активисттер Зулпидин Нурматов, Нурсултан Алтыбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: