Ысык-Атада 1 түндөн кийин аман табылган 2 жаштагы кыздын кайда уктагандыгы белгилүү болду
Ысык-Ата районундагы Сын-Таш айылында жоголгондон бир түндөн кийин табылган 2 жаштагы Н.А. аттуу кыздын абалы жакшы, жабыркаган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка караганда, наристе аталган айылдагы башка үйгө ата-энеси менен конокко келип, сыртта ойноп жаткан жеринен таппай калышкан. Үйдүн жанында көлмө болгондуктан, ата-энеси суучулдарды, куткаруучуларды чакырып издөө иштери башталган.
"Издөө иштерин жүргүзүүдө көлмөгө көп басым жасалган. Бирок табылган эмес. Эртеси саат 10:20лар чамасында Ысык-Ата райондук өрт өчүрүү бөлүмчөсүнүн башчысы Каныбек Мааткулов кызды аңдын ичинен таап алган. Мааткулов адегенде кырдан карап, аңдын ичинде кызыл түстөгү нерсенин кыймылдап жатканын байкаган. Ошол жерге шашылыш барганда кыз жаңы эле уйкудан ойгонуп, абалга түшүнбөй турган кези экен. Аны дароо көтөрүп алып келди. Наристе аман-эсен ата-энесине өткөрүп берилди. Ал ошол көлмөгө жакын жердеги аңга жатып уктап калган", - деди маалымат катчы.
Ал белгилегендей, Н.А. үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү. Издөө иш-чараларына ӨКМнын 35 жана Ички иштер министрлигинин 25 кызматкери тартылган.
кошулду
Ысык-Атада 2 жаштагы кыз бир түндөн кийин аман табылды












1 |