50 жаштагы аял "телефон уурдаган" деп айыпталып, камакка алынды
Мамлекеттик каттоо кызматынын имаратында 50 жаштагы аял бир эркектин уюлдук телефонун уурдап алганын 29-июнда Бишкек ШИИББи билдирди. Милицияга 46 жаштагы борбор шаардын тургуну Б.М. арыз менен кайрылып, саат 11:00 чамасында аталган мекеменин терезесинен белгисиз бирөө "Нокиа" үлгүсүндөгү телефонун уурдап кеткенин айткан. Ленин РИИБинин кызматкерлери ыкчам чара көрүшүп, кылмышка шектүүнү кармашты. Аламүдүн районунун тургуну учурда ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иликтөө иштери жүрүп жатат.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

