super.kg logo
  Саясат  

Жарандык активист Зулпидин Нурматов: "Кыргыз өкмөтү миграциядан түшкөн акчага сүйүнбөй, аны токтото албаса да азайтканга аракет кылышы керек"

 

Экс-президент Роза Отунбаеванын миграция тууралуу сөзү талашка түштү. SUPER.KG порталынын "Миграция өлкөнүн трагедиясыбы же мүмкүнчүлүгүбү?" деген соболуна жарандык активист Зулпидин Нурматов жооп берди.

Анын пикиринде, чыныгы трагедия сыртта жүргөн кыргыздар бир учурда өлкөгө кайтканда болот.

"Миграция – бул трагедия дагы, мүмкүнчүлүк дагы. Бул нерсени бир жактуу караса болбойт. Себеби канчалаган мекендештер айылда эч нерсени билбей жүрүп эле чет өлкөгө чыгып бир кесиптин мыктысы болуп иштеп жүрөт. Мисалы, мен да айылда жүргөндө азыркы кесибимдин ээси боло алат белем билбейм. Учурда полиграфия тармагында мастер болуп иштеп жүрөм. Мага окшогондор жүз миңдеп саналат.

Ал эми трагедия жагы кыргыздар тышкы миграция да уламдан-улам көбөйүп жатат. Орусияда иштеп жаткандардын балдары орус бала бакчасына барып, орус мектебинде окуп, ой жүгүртүүсү да орусча болуп калууда. Москвада бала бакчага барып, мектебинде окуп жүргөн баланын атасы “орусташып кетти” деп айылга жөнөтсө, WhatsApp'тагы статусуна өз мекенинде жүрүп "скучаю по родине" деп жазып алганын көргөм. Ушул трагедия.

Кыргыз мамлекетинде жүгүртүүдө жүргөн акчалардын басымдуу бөлүгү - ошол мигранттар жөнөткөн каражат. Кыргыз өкмөтү миграциядан түшкөн акчага сүйүнбөй, аны токтото албаса да азайтканга аракет кылышы керек. Бизде, тескерисинче, көбөйүп жатат. Сыртта жүргөн кыргыздар бир учурда өлкөгө барып калса мына ошондо накта трагедия болот. Жумуш жок. Тополоң", - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаттары Сагындык Келдибаев, Абдывахап Нурбаев, Кыргыздын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан, Мамлекеттик миграция кызматынын тышкы миграция бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев, "Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков, жарандык активист Нурсултан Алтыбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: