super.kg logo

Президент Сооронбай Жээнбеков жол коопсуздугун камсыздаган органды реформалоо максатында жумушчу топ түзөт

 

Президенттин алдында ички иштер органдарынын жол коопсуздугун камсыздаган бөлүктөрүн реформалоо боюнча жумушчу топ түзүлөт. Аталган демилге бүгүн, 10-августта өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен саясий-укуктук иликтөөлөр борборунун директору Тамерлан Ибраимовдун жолугушуусу учурунда айтылганын президенттик аппараттан билдиришти.

Жолугушууга президенттик аппараттын биринчи орун басары Досалы Эсеналиев жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев катышты.

Анда жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо маселелери талкууланган.

"Мыйзам жана тартипти күчөтүү, жарандардын коопсуздугун коргоо максатында жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынып, аны жетектөө Тамерлан Ибраимовго сунушталды. Жумушчу топтун курамына президенттик аппараттын, өкмөттүн, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирет", - деп айтылат маалыматта.

Президент Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө сот реформасы, коопсуздукту, мыйзамды жана тартипти камсыздоо мамлекет алдында турган эң маанилүү маселелердин бири экендигин белгилеген.

"Бул тармактагы реформалар — татаал маселе жана бир топ күчтү жана убакытты талап кылат. Бирок биз реформаларды аягына чыгарышыбыз керек. Мен сиздин жазып берген маалыматыңыз менен таанышып чыктым, анда ишке ашыра турган конструктивдүү идеялар жана ойлор бар. Бизди биргелешкен, талыкпаган жумуш күтүп жатат", - деп өлкө башчысы Тамерлан Ибраимовго кайрылган.

2018-жылдын 19-июлунда президент Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн жарандык коому менен болгон жолугушуусунда Тамерлан Ибраимов жол кыймылынын коопсуздугун реформалоо маселелерин көтөргөн. Анда президент бул маселе боюнча жумушчу топту түзүү максатында ага аналитикалык маалымат даярдоону сунуштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
10.08.2018. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул реформа илгертен айтылып келет качан болот. ГАИ кучту реформа керек болбосо өтө көөп кетишкен алар
10.08.2018. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аракет бар жылыш жок.2000штраф тологондон коро 200сом чонтогуно бересин айла жок ...
10.08.2018. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ГАИ лерди кармаш керек взятка менен Ватсапп горячий линия ачып койгула анонимно...Элдер тартып берет орган иштебесе...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: