Футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугу: Финалда ирандык "Мес Сунгун" менен вьетнамдык "Тай Сон Нам" командалары кездешет
"Тай Сон Нам" командасы.


"Тай Сон Нам" командасы.

"Мес Сунгун" командасы.
Индонезияда өтүп жаткан футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунун финалында ирандык "Мес Сунгун" менен вьетнамдык "Тай Сон Нам" командалары кездешет.
Бүгүн, 10-августта Индонезиянын Жокьякарта шаарында футзал боюнча клубдар арасындагы Азия биринчилигинин жарым финалы орун алды. Анда ирандык "Мес Сунгун" менен Вьетнамдын "Тай Сон Нам" командалары атаандаштарын утуп финалга аттанышты. Эми бул командалар чемпиондук үчүн 12-августта күч сынашат.
Эске салсак, аталган мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн Оштун "EREM" командасы катышкан. Алар тайпалык баскычта 2 беттеште жеңишке жетип, мелдештин чейрек финалында Ирандын "Мес Сунгун" командасы менен беттешкен. Тилекке каршы, "EREM" жеңилүү ызасын тартып, жарым финалга өтпөй калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.