super.kg logo

Румынияда 100 миңден ашуун жаран өкмөттү коррупцияга айыптап митингге чыкты. Алардын басымдуу бөлүгү эмигранттар

 

Румынияда 100 миңге чукул жаран өкмөттү коррупцияга айыптап, митингге чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, массалык митинг 10-августта Румыниянын борбору Бухарест шаарында болуп өткөн.

"Митингге чыккандар өкмөттү отставкага кетирүүнү талап кылышууда. Алар бийликтеги "Социал-демократтар" партиясын "уурулардын партиясы" деп аташып, өкмөттү коррупциянын булагы катары айыпташууда. Митингде полиция жарандарга каршы көздөн жаш чыгаруучу газды, суу чачкычты жана түстүү гранаталарды колдонду. Андан 200гө чукул адам ар кандай жаракаттарды алган", - деп айтылат маалыматта.

Митингге чыккандардын басымдуу бөлүгү чет өлкөдө иштеп жүргөн румыниялыктар. Алар өлкөсүндөгү коррупцияга каршы өкмөткө нааразычылык билдирүү үчүн кайтып келишкен. "Мен Румынияга, Румыния мага керек экенин сезип, кайтып келдим. Бул жерде баары коррупция менен булганган. Биз баарын өзгөртүшүбүз керек", - дейт АКШда иштеп жүргөн румыниялык жаран.

Румыния калкы 19 миллиондон ашат (2016-жылга карата). Маалыматтарга караганда, 5 миллионго чукул Румыния жараны чет өлкөдө иштеп жүрөт. Аталган өлкө Евробиримдиктеги жакыр өлкөлөрдүн бири.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.08.2018. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тагдырыбыз окшош экен туугандар.
11.08.2018. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таш менен бийликти алыш керек болчу митингди кыргыздардан уйронсо болмок жон эле кыйкырып кочого чыга беришпей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: