super.kg logo
  Спорт  

Криштиану Роналду: "Ювентус" - улуу клуб. Мен бала кезимден бери ушул клуб үчүн ойноону ниет кылчумун"

 
"Ювентуста" да 7 номеринде ойнойт.

"Мен кубанычтамын жана бактылуумун. "Ювентус" - улуу клуб" деген пикирин Криштиану Роналду Juventus TV телеканалына айтканын чет элдик басылмалар жазышууда. Ал өзүнүн аталган командага өткөндөгү сезимдери жөнүндө маек берген.

Роналду "Ювентус" клубуна өтүү ниети жаштыгынан бери эле болуп келгенин жашырган эмес.

"Мен өзүмдү аябай жакшы сезип жатам. Баары сонун. Адамдар, фанаттар, машыктыруучулук штаб мага жакшы мамиледе. Мен кубанычтамын жана бактылуумун. "Ювентус" - улуу клуб. Бала кезимден бери эле аталган клубду көрүп, кайсы бир учурда ал үчүн ойносом деп ниеттенчүмүн. Эми мен дүйнөнүн мыкты клубдарынын биринде ойнойм.

"Мен "Ювентуска" каршы көп жолу оюн өткөргөм. Ошол учурларда мени италиялык колдоочулар жакшы көрөрүн сезчүмүн. Азыр менин негизги тапшырмам - эң мыкты оюн көрсөтүп, командага жардам берүү. Бул менин ишим", - деп айткан Роналду.

Криштиану Роналду ушул жылдын июль айында испаниялык "Реал Мадрид" клубунан италиялык "Ювентуска" өткөн. Бул трансфер 112 миллион еврого бааланган. Ошондой эле Роналду жылына 30 миллион евро маяна алып турмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
12.08.2018. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Атамбаевке окшоп жатат го. Ошко барып алып Оштукмун деп. Таласка барып алып Тастыкмын деген.
12.08.2018. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Artyr1994, жездемдин Койчуманы
Башка бирөөгө кетсе , жездем жамандайт,
келип калса тигилер жаман , жездем жакшы болот, аты Ося бунуң да Ося го...
12.08.2018. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Красавчик
12.08.2018. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Бирок сени Реал мадрид Роналду кылды эле, бул жагы кандай болду тушунбодум.
12.08.2018. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
bond02,жаныласын М.Ю да эле Роналдо болуп келген тарыхты карасан М.Ю. менен эле лиганы уткан
12.08.2018. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Реалга адашып келип калганда туура кылдын рон сен кучтуу футболчусун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: