super.kg logo

Милициянын унаасы кабылган жол кырсыгы: "Биздин кызматкерлер атайын тапшырма менен бара жаткандыгы үчүн катуу ылдамдыкта айдашкан" дейт ЖКККБнын өкүлү

 

"Биздин кызматкерлер атайын чалуу түшкөндүгү үчүн унааны катуу ылдамдыкта айдап бара жатышкан". Аталган маалыматты SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын өкүлү билдирди.

Анын айтымында, башкармалыктын унаасы эскерткич сигналды (мигалка) иштетип бара жаткан.

"Биздин кызматкерлер атайын тапшырма менен бара жаткандыгы үчүн катуу ылдамдыкта айдашкан. Манас кең көчөсү менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишине келгенде ак түстөгү Honda Civic үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшүп, оодарылып кеткен. Honda Civic унаасы Фрунзе көчөсү менен келип, биздин унааны артынан сүзгөн. Эскерткич сигнал менен бара жаткандыгы үчүн башка унаалар токтогон, бирок Honda Civic жол берген эмес.

Бул жол кырсыгынан биздин бир кызматкерибиз жаракат алды. Окуя болгон замат эле аны "Тез жардам" унаасы алып кетти. Абалы канааттандырарлык. Honda Civic унаасынын айдоочусу көрсөтмө берүүдө. Бул окуя боюнча протокол түзүлдү", - деп билдирди башкармалыктын өкүлү.

Айта кетсек, 11-августта саат 18:00 чамасында Бишкектин Манас кең көчөсү менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын унаасы жол кырсыгына кабылып, оодарылып кеткен.

Күбөлөрдүн айтымында, башкармалыктын унаасы Манас кең көчөсү менен Жибек Жолу көчөсүн көздөй жогорку ылдамдыкта келе жаткан. Фрунзе көчөсүнөн жол чырактын жашыл түсү жанганда өтүп бара жаткан экинчи унаа тартип сакчысынын унаасын арт жагынан келип сүзгөн. Анын кесепетинен милициянын унаасы оодарылып, 10 метрдей жерге сүрүлүп барган.

Маалыматка караганда, Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгына таандык унаанын эскерткич сигналы (мигалка) жол чыракка жеткенде гана угулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
12.08.2018. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Актана бергиле баары бир жөнөкөй жаран күнөөлүү болот
12.08.2018. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Милиция, тез жардам чакырсак анчада мынчада келди дейбиз. Ушинтип өзүбүз тоготпой жол бербесек алар эмне учуп жүрмөк беле кечигет да анан. Маданият тарбиябызды оңдощубуз керек туугандар.
12.08.2018. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кайда, кимден чакыруу тушкон ошону тактасын. Булар актанып эле жатышат.
12.08.2018. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айдоочуларда сабыр кылуу деген түшүнүк жок. Жашыл күйүшү менен жөнөбөй калса артындагы баары сигналын баса баштайт. Атайын кызматтарга жол берүү жокко эсе. Эми бул айдоочу чооң чыгашага даярдана берсе болот. Жөнөкөй эле эреже бузулуп кырсык болгондо көпкө сындырчуу эле. А бул абалда саап эле алышат. Айдоочу да жакшы сабак алып чыгып андан кийин светофордун жашылы күйгөндө атырылбай акырын ары жак бери жагын карап айдап калат.
12.08.2018. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
МАИники да туура эмес мигалка иштетип койуп эле аяабай катуу айдап любой перекресткадан 160 менен отконго болбойт да жонок айдоочулардын да копсуздугун ойлоп перекресткага келгенде кичине акырындап абайласа болот да тем более МАИ келе жаткан жолдо кызыл куйуп турган экен .мыйзам биздики деп мигалкачан спец машиналар копсуздукту такыр эле сакташпайт.
12.08.2018. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эгерде вызов түшүп ошол жака шашып баратса да кызыл күйгөндө абайлаш керек, анткени берки тарапта жашыл күйүп турат аларга помеха кылбаш керек. Мыйзамда жазылган эрежелер бар, ошол мыйзамга таянса бул жерде МАИ күнөөлү болот, бир гана провительственный кортеж токтогонго болбойт, алар тебелеп кетседа жооп бербейт, калганы 101,102,103кызылга токтош керек эки жакты карап коопсуз абал жок болсо ошондо өтүп кетсе болот. Бизде тырышып баарытең кыйын ой энең сенден мен кемминби дешип на зло өткөрүшпөйт
12.08.2018. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми жонокой айдоочунун шору кайнайт, куноонун баары мойнуна илинип...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: