Кыргыз өлкөсүндө Курман айт майрамы 21-августта өтөт
Быйыл Курман айт 21-августта белгиленет. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев SUPER.KG порталына билдирди.
"Бүгүн, 12-август Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан Кыргыз өлкөсүнүн жашоочулары Курман айт майрамын 21-августта белгилешет. Ал эми 20-август арапа күнү болуп, ажылык милдеттерин өтөп жүрүшкөн мекендештерибиз бул күнү ыйык Мекке шаарындагы Арафат өрөөнүндө болушмакчы", - деп билдирди маалымат катчы.
Быйыл Кыргыз өлкөсүнө ажылыкка баруу үчүн 5400 квота бөлүнүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
3

болсун.рахмат тууганым
Курмандык кыла турган мусулмандар, Курман айт намазы окулуп бүтүп анан курмандыктар чалына (союла) баштайт. Бир күн мурун сойбогула, ал курмандыкка өтпөйт.
майрамыныздар менен.
Баарыбыз жараткандын суйуктуу пендеси бололу.жок дегенде жылына
бир келген айт намаздарда ыйык мечиттерден кубо бололу мусулман бир тууганым.парзыбызды аткарып ибадат кылууну унутпасак деймин