super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Ыйык-Булагы" бассейнинин кире беришинде илинген жарнактардан кыргыз тилинде жазылган бир дагы сөз көрө алган жокмун" дейт окурман

 

"Ысык-Атадагы "Ыйык-Булагы" бассейнинин кире беришинде илинген жарнактардан кыргыз тилинде жазылган бир дагы сөз көрө алган жокмун" деген билдирүүсүн окурман "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.

Окурмандын маалыматына ылайык, "Ыйык-Булагы" бассейнинин айланасында таштанды толуп кеткен.

"11-август күнү "Ыйык-Булагы" бассейнине барып, көңүл чөгө турган абалга күбө болуп келдик. Бассейндин айланасына таштанды ыргытылып, айлана-чөйрө булганып жатыптыр. Унааларды токтотконуңар үчүн деп акча алат экен, бирок ал жактагы жолдун абалы өтө начар. Эс алуучу жайга кирип бара жаткандагы көрнөк-жарнактар, маалымат берүүчү такталар бардыгы орус тилинде экен. Кыргыз тилинде жазылган бир дагы жазууну көрө алган жокмун. Бул жерди иштетип жаткан адамдар Кыргыз Республикасынын тил жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесин бузуп жатышпайбы. Бассейндин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөгөн тараптар эмне иш кылып жатышат?" - деп билдирген окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(17)
12.08.2018. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
эй койгулачы орус тили официалдуу тил бизде бул жаңылык эмесда орус тили керек болбосо 1.5 миллион орусияда иштеп жүргөн кыргыз мигранттарын чакырып иш менен камсыз кылып кой
12.08.2018. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
maks992,Менимче, автор туура маселе которгон. Биз, биринчи озубузду, андан кийин тилибизди сыйлашыбыз керек. Озубуздун тилибиз, озубуздо кор болуп жатпайбы? Бул биринчиден. Экинчиден, эс алуу жайдагы абал мышык ыйлагыдай, ушундай уникалдуу жер башкаларда болгондо баары таза, тыкан, башкача болмок.
12.08.2018. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
janarbek,казакты жамандаганда эмне болгонун эстеп көр чоңдор эч нерсе кыла албай Назарбаев өзү кечирди эгер Орус тилине ушинтип басым өткузө берсек эртең Орусия бир чара көрсө чыдап болбойт сага окшогон акчасы барлар жашай берет ишсиз калган мигранттар кор болот эми баары жакшы болгондо тилге асылбай карстардан кутулуну ойлош керек
12.08.2018. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
maks992, акчага сатып болбой турган биздин улуттук тилибиз бар. Сен аны акчадан өйдө көрбө. Же эмне орусияда иштөө үчүн кыргыз деген улуттан чанасын десе чанып кетесинби? Акчаны улуттун кызыкчылыгынан жогору койгондор улуттун келечеги эмес.
12.08.2018. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
maks992,бул жерде Орусия, Казакстан, орус тили жонундо соз болгон жок, эгер байкасан. Бул жерде кыргыз тили жонундо соз болуп жатат. Орус тилинде жазылбасын деген дагы соз болгон жок. Мыйзам боюнча, маалымат такталар, корнок-жарнактардын баары биринчи мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде жазылышы керек деген эле соз болуп жатат.
janarbek түзөттү 2018-08-12 21:00:47
12.08.2018. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
maks992,Бул жерде Кыргыз Республикасынын тил жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренеси бузулуп жатат. Башка эч кандай маселе, басмырлоо коргон жокмун.
12.08.2018. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2004-жылдын 2-апрели № 54

Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик тили жөнүндө

7-глава
Мамлекеттик тилди аталыштарда, ысымдарда жана маалыматтарда пайдалануу

27-статья.

Кыргыз Республикасында жарнактар, кулактандыруулар, прейскуранттар жана башка көрүнөө маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин - расмий тилде, зарыл учурларда башка тилдерде да жол-жоболоштурулат.

janarbek түзөттү 2018-08-12 21:01:38
12.08.2018. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка тилдердеги тексттин арибинин өлчөмү мамлекеттик тилдеги тексттин арибинин өлчөмүнөн чоң болбоого тийиш.
12.08.2018. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maks992,эгер биздин чоңдор тилибизди же өзүн сыйлаганда минтип мигранттар кор болуп үйүнө өлүгү келбейт эле чара көрүүнү ордуна карз болуп кетип жатсак
12.08.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Орус тилине карата болгон басмырлоо жакшылыка алып келбейт. Биздин жыланач патриоттордун колунан эч нерсе келбейт. Кыргызстандын онугушундо орус тилдин мааниси абдан зоор.
12.08.2018. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
zhaku2017,Бул жерде эч кандай басмырлоо жок. Туура,орус тилинин мааниси абдан зор. Бирок, оз тилибизге дагы жетиштуу конул бурушубуз зарыл го.
janarbek түзөттү 2018-08-12 21:06:08
12.08.2018. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Канча тил билсен ошончо адамсын. Орус тили дуйнодо эн бай тил болуп эсептелинет. Келечек жаштар билимдуу болуш учун орус тилин онуктуруу зарыл жана кунумдук турмушта кенирии колдонуу зарыл.
12.08.2018. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Россияда мигрант кыргыздардын балдары орус тилдуу болуп кетишкен. Алар эч убакта кыргыз тилине кайтып келишпейт. Биздин жыланач баатырлар суйлогондуу эле билишет.
12.08.2018. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Автор туура эле маселе көтөрүп жатат. Кыргыз жеринде болгон соң сөзсүз кыргызча туура жазылууга тийиш. Жана 4 тролейбуста келе жатсам метродогудай кылып ар бир аялдаманы айтып жакшы жаңылык киргизишиптир. Орусчасында туптуура айтып кыргызчасында аярлама деп айта берип жанды кашайтты. Өзүбүздүн тилибизде ката айтканы мени өтө капа кылды
12.08.2018. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Dalil,Биздин трагедия дал ушунда болуп жатпайбы... Айылдан мектепти бутуп, чон окууга жаны тапшырган студент таптаза кыргызча суйлосо, аны жапайы катары коробуз. Ал эми борбор шаарда бир аз жашап, онойун орусча, кыйынын кыргызча суйлоп калган адам болсо, аны бир нерсе билген адам катары кабыл алабыз.
12.08.2018. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Орус тил аркылуу коп нерсени уйронобуз.
12.08.2018. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз тили кылымдарды карыткан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: