super.kg logo

Түрк лирасы рекорддук деңгээлде арзандады. Президент Режеп Тайып Эрдоган элин доллар менен евродон баш тартууга чакырууда

 

Түрк лирасынын куну түшүп, рекорддук деңгээлде арзандады. Жыл башында 1 АКШ доллары 3,7 лирага барабар болгон болсо, учурда 6,3 лирага жетти. Ал эми 1 евро 4,5 лирадан 7 лирага көтөрүлдү.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкө жарандарын доллар менен евродон баш тартууга үндөөдө.

"Биз экономикалык согушта жеңилбейбиз. Эгер силер долларды, еврону же алтынды жаздык астына басып жаткан болсоңор, анда тезинен банкка алып барып, лирага алмаштыргыла. Бул улуттук согуш", - деди Эрдоган.

Түрк лирасынын арзандашына АКШ менен болгон саясий мамиле себеп катары айтылууда. Жакында эле АКШнын президенти Дональд Трамп Түркиядан алынып келчү болот менен аллюминийге карата салыкты жогорулатуу чечимин кабыл алган.

Андан сырткары эки өлкө 2016-жылы Түркияда болгон аскердик төңкөрүлүш маселесинде да тартышып келет. Америкалык пастор Эндрю Брансон 2016-жылкы ыңкылапта дин аалымы Фетхуллах Гүлендин тыңчысы болгон деп айыпталып, түрк бийлиги тарабынан камакка алынган. Буга карата АКШнын Каржы министрлиги Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен юстиция министри Абдулхамит Гүлгө санкция жарыялаган. Ага ылайык, аталган эки жаранга тийиштүү АКШда жайгашкан мүлктөрдү сатууга, алмаштырууга тыюу салынып, америкалыктар алар менен мамиле кылуу укугунан ажыратылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.08.2018. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азыр орус рубльу да болуп корбогондой тушуп кетти. 1 доллар 68 рублга чейн которулот леп жатышкан эксперттер. Ошондо рубль сомдонда ылдый тушуп кетиши мумкун Кыргызстанда.
12.08.2018. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Колдоймун Эрдогондын саясаты туура,Америка чектен ашып кетти Россияда Казакстанда иштеген акчаларыбыз кунсузданып кетти американын айынан мигрантарга кыйын болду американын акчасын кунсуздандыруу планын колдошубуз керек.
12.08.2018. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Доллардан эч ким отказ кыла албайт. Доллар бул эл аралык бирдиктуу валюта. Эл аралык Соода сатык болгондо доллар менен гана жургузулот. Кытайга барып товар алсан деле лира же сомду таанымак беле.
12.08.2018. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
yrmat88, ++ Түркия Японияга же башка өлкөгө лирасын көтөрүп барсынчы, өтпөйт. Демек доллардан баш тарта албайт. Ал эми өлкө ичиндеги соода ансыз да ар бир өлкөнүн өз валютасында жүргүзүлөт. Доллардан бащ тартса болот, акча эмес, алтын ж.б аркылуу эл аралык соода кылса болот. Бирок андай десек, алтындын дүйнөлүк баасы да доллар мн өлчөнөт. Айланып келип эле долларга байланычтуу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: