super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз жана Кытай мамлекеттеринин ортосунда аскердик-техникалык кызматташууну жакшыртуу талкууланды

 

Кытай Эл Республикасынан аскердик делегация Кыргыз жерине расмий иш сапары менен келип, 9-августтан 12-августка чейин Улуттук гвардиянын аскердик бөлүктөрү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аскердик делегация 9-августта Балыкчы шаарындагы "Эдельвейс" окуу борборунда болушкан. Ал эми 10-августта алар Башкы штабдын башчысынын биринчи орун басары Кубанычбек Орозматов жана Улуттук Гвардиянын жетекчиси Алмазбек Карасартов менен жолугушкан. Анда тараптар эки өлкө ортосундагы аскердик-техникалык кызматташууну жакшыртуу, аскер кызматкерлерин кайрадан даярдоодо окуу ыкмалары менен тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Андан кийин делегацияга аскердик техника, байланыш каражаттары, аскерлердин кийимдер жана буюмдары көрсөтүлгөн. Ошондой эле алар барымтага алынган жарандарды куткаруу операциясы, күрөштүн элементтери камтылган көрүнүшкө күбө болушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: