super.kg logo

Милиция бөлүмүндө Бурулай Турдали кызын өлтүрдү деп шектелген Марс аттуу жарандын апасы окуя боюнча пикирин билдирди

 
Марстын апасы: "Бул сүрөткө уулум менен Бурулай аны биринчи жолу ала качып келе жатканда түшүшкөн"
Марстын апасы: "Бурулай күйөөмдүн атына банк аркылуу акча салган. Бул алардын мамилеси бар экенинен кабар берет"
Кылмышка шектүү Марс.Б.

Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычакталып өлтүрүлгөн Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча учурда тергөө иштери жүрүүдө. Кылмышка шектүү катары кармалган Б.Марсбек учурда Бишкек шаарындагы СИЗО-1де камакта.

"Балам маркум Бурулай менен 3 жыл сүйлөшүп жүргөн. Мен ошол чындыкты айтыш үчүн сиздерге байланышка чыктым" деди шектүүнүн апасы бул боюнча пикирин SUPER.KG порталына баяндап жатып. Анын айтымында, Бурулайдын өлүмү боюнча иш өткөн жума тергелип бүткөн.

"Уулум Марс Бурулай менен 3 жылдан бери сүйлөшүп жүргөнүн айтканда биз 15-апрелде кыздын үйүнө барып сөйкө салмай болдук. Мен Таластан Бишкекке атайын ошол үчүн келдим. Келсем балам Бурулайга сөйкө саларыбызды айтам, ал жакшы сүйлөшкөн эжесине айтса эле бул кабар ата-энесине жетет деди.

Ошол эле күнү Бурулайга ал кабар жетип, кечке маал кыздын ата-энеси тараптан "күзүндө биротоло алып кеткиле" деген жооп келди. Күзүндө боло турган болду деп кайра айылга кетип калдым.

4-май күнү Марс телефон чалып, "апа, мен Бурулайды айылга алып бара жатам" деди. Телефонду кызга берчи десем уялдыбы, айтор мени менен кыз сүйлөшкөн жок. Ошол замат туугандарга телефон чалып, ачуу басар жиберүү тууралуу сүйлөшүп баштадым. Анткени кыз каршылык деле көрсөтпөптүр. Шаардагы эки сиңдимди алып Бурулайга халат, бут кийим алайын деп базарга бардым. Ошондо уулума кайра телефон чалып, Бобиге (ред. Бурулайга) берчи дедим. Бурулай телефонду алганда "кызым, сага кандай түстөгү халат алайын?" десем, "кызыл эле жакшы болот го" деп күлдү".

"Кызды күндүз саат 12:00дөр чамасында ала качкандыктан кечке маал шаардан 4-5 жакын адамдарыбызды ачуу басарга жөнөттүк. Алар кыздын үйүнө барганда эле "Бурулайды артка кайтаргыла" дешиптир. Мага улуу балам телефон чалып: "Экөө кайра артка кайтышты, кыздын үйүнөн кол менен алып кетмей болдук, биз ушундай сүйлөштүк" деди. Турмуш жолуна аттанган жаштарды кайра эмнеге артка кайтарат деп Бурулайдын атасынын үйүнө бардым. Атасы бизди көрүп эле "кызымды колдон алып кеткиле" деп туруп алды.

Байкуш балама боорум ооруду, бирок "кызды аман-эсен алып кел" дедим. Ошондо Марс "апа, кайра бербей койбойбу" деп кооптонуп сүйлөгөн эле. Жок, балам, кыз каадасы менен алып кетебиз деп жоошуткам. Ошону менен экөө шаарга түнкү саат 11де келишти", - деди ал.

Марс. Б.нын апасынын айтымында, ошол эле күндүн эртеси эртең менен тойду кандай өткөрүү керектигин сүйлөшүү үчүн алардын үй-бүлөсү кайрадан Бурулайдын үйүнө келишкен.

"Бизде жаман ой болгон жок. Биз кирип барганда эле "кызыбызды кыйнап алып кетиптирсиңер, нес абалда үйдө ооруп жатат" деп башташты. Кечээ жакшынакай болуп турган кыз кантип эле ооруп калат? Мага көргөзгүлө деп туруп алдым.

Жеңеси менен эжеси экөө колунан кармап мага алып чыгышты. "Бурулай, кызым, сага эмне болду десем, мен Марс акеге турмушка чыга албайм деп үйүнө кирип кетти. Ошону менен ызы-чуу болуп отуруп үйгө келсем, кечинде Марстын дос баласы телефон чалып, "Бурулай Марска телефон чалып "алып кет" деп жатыптыр деди. Жиним келип эгер өз каалоосу менен кетем деп жатса түшүнүк катын жазсын, болбосо дагы жаңжалдын кереги жок дедим.

"Бурулайга жетиш үчүн балам кандай гана аракеттерди көрдү. Акырында Турдали менен бирге иштегенсиң деп атасын алдына салып дагы колун сурап барды. Ошондо кызын кудалап койгонун айтып, маркумдун ата-энеси кабыл алган жок. Көңүлү калсын деп Бурулайды чакырып айтчусун айттырдык. Ал чыгып "мен сизге турмушка чыкпайм" деп сүйлөшүп жүргөндө берген шакегин кайтарып берип, ыйлаган боюнча бөлмөсүнө кирип кетти. Балам "биз үч жыл сүйлөштүк эле, эмнеге мындай болуп калды, мен сени баары бир ала качам" деп кетип калган", - дейт шектүүнүн апасы.

Ал эми каргаша болгон күнү шектүү кызды ала качып бара жатканын эч кимге айткан эмес.

"27-май күнү жүрөгүм эмнегедир башкача боло берди. Уйкум да келбейт. Марс менен чогуу жашаган балама чалсам, "балаңыз жакшы жүрөт" деп койгон. Мага кызды ала качып кеткенин шаардагы балдарым саат 22:30да айтышты. Эми эмне болот деп, санаам санга бөлүнүп күтүп отура бердим. Жолдошум түн жарымында жайлоого чабанды көчүрүп кетип калды. Орозо айы болгондуктан ооз бекитип жатып уктап калыптырмын. Таңкы саат 5:00 чамасында суук кабар келди. Андан кийин баарыбыздын жашообуз өзгөрдү, эми минтип туңгуюкта турабыз.

Марс башка балдарымдан айырмаланып оюн-күлкүдөн алыс, дайыма өзүнүн иши менен алек болуп жүрө берген бала. Каргашадан кийин баламды жакшылап деле көргөн жокмун. Ооруканада жатканда алыстан көрөм. Жанына киши жолотпойт. Сакалдары өскөн, мени тааныбайт дагы. Бычак оң тарабындагы кабыргасына төрт жолу сайылып, карынын тешип кетиптир. Анан моюнуна сайган. Кабыргасына эле сайылса суроо жаралмак эмес, бирок моюнуна сайганга алы келмек эмес да. Бул жерде бүдөмүк көп нерсе бар. Эми ошону ким аныктап, ким таап чыгат? Ким акыйкат өкүм чыгарат, билбейм. Балам бул окуяга туш болгондон бери атасы санаа тартып жатып ооруп калды. Азыр улуттук онкологиялык борбордо дарыланууда. Оорусу күчөп жатат. Баламдын окуясы боюнча толтура суроолорум бар, бирок аны кайсы укук коргоочу угуп, качан жооптор табылат, бул белгисиз", - деди ал (ыйлап).


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(37)
13.08.2018. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+44
Эч бир эненин коз жашы акпаса экен бул дуйнодо.
13.08.2018. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Кечирип койгула мени бирок кызда да бар куноо.Суйлошуп жургондон кийин тийе берсе болмок.Азыр ушундай кыздар коп баланы оюнчук коруп тийем кайра тийбейм деп.
13.08.2018. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Azat.97,кыз деле макул болгондугу корунуп эле турбайбы. Бул жерде Бурулайдын атасы макулдугун берген эмес учун ушул иш болуп кетти. Албетте атасына каршы чыга алган эмес.
13.08.2018. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Болуп койгон жигитин сурак кылгыла Марсты эмес
13.08.2018. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Чындык ким тарапта болду экен? Милициялар эле шек жаратат
13.08.2018. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Кызынын бактысын кимиси бузду экен? Бирок билип-билбей куноого батпайлы. Аны бир Кудай, бир ата-энеси билет. Кыз ата-энесине айтты болуш керек, кимди суйоорун, ким менен жашагысы келээрин. Кызды Ата-энеси кыйнап эле бироого бергиси келгендей сезилип кетти. Эгер ошондой болгон болсо, журоктору толо арман, жашоолору окунучтуу. Ата-энеси андай ишке барбайт деп ойлойм.
Snejana түзөттү 2018-08-13 19:24:30
13.08.2018. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
3 жыл кыз жигит катары жүрүшсө анда Бурулайда да бир аз мандем бар..
Анан жөн эле тааныш билиш катары жүрүшсө анда Марста күнөөсү көбүрөөк.
Негизи кандай жүрүшсө да бычактоо эң жаманы.
13.08.2018. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Марстын мүнөзү оор түнт балакен. Бычактоосу толугу мүмкүн
13.08.2018. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Aitik,ХХХ ХХХ шашпа али сот жыйынтык чыгара элек,менимче кыздын атасында сурака алыш керек и ошол жерде болгон милицияларда куно баарына ошолор кунолу милициянын шалаакылыгынан ушундай болуп турат
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-14 12:34:47
13.08.2018. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
бул жерде башка ищ бар чынындада мамилеси жакшы болгон кара банктан акчасында салып бериптир
13.08.2018. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Эмнеге ушул убака чейин Марсты корсотпой жатышат?Милициялардын шалаакылыгы, бут чиновниктерге соз тийгизип жатат? Марсты алып чыгяп, детектор лжиге отургузуп суроо бериш керек. Ошондо баары калкып чыгат. Ушундай кадамга жаны бийликтин эрки жетеби?
13.08.2018. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Балким бизди бирге болушубузга ата энем каршы деп экотен олобуз деп бычак сайышкандыр эмнеге бала жакшы болуп калса ошого барып сурап коргуло супер инфо
13.08.2018. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кептин баары атасында окшойт. Эхх, батасын берип коё бербептир. Каргашалуу окуя болду((, бири турмодо болсо экинчиси аркы дуйнодо...
13.08.2018. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Саламатсыздарбы окурмандар. Марстын апасы ушул маекти берип коп нерселерге ачыктык киргизиптир жана кээ бир нерселерди тунгуюка киргизиптир. Апа бар болунуз аман болунуз. Бурулай менен марс суйлошуп жургону туура эле экен. Бирок кыздын ата энеси кызын башка бироого узатышмакчы болушуптур. Эгер андай болбосо кыз шакегин берип жатып сизге турмушка чыга албайм деп ыйлабайт эле. Аттин арман 2 жаш омурду соолутту. Бири кабыргы бири турмого. Бул иш акыйкат тергелбейт марс куноолуу болуп камалып кетет.
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-14 12:38:17
14.08.2018. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurbek11,Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек! Азырынча билдирүүңүз түзөтүлдү. Эрежелер кайталанып бузулса, чара көрүлөт!

14.08.2018. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media,рахмат чоон
13.08.2018. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Кыргызстанда эң күчтүү эч кимден коркпогон мыкты изилдөөчү журналист же эң күчтүү адвокат болсо ошону каржылап ушул иштин аягына чыгарып берсе жакшы болмок. Аттиң. Эгер Уланбек Эгизбаев болгондо өзү ушул иштин аягына чыкмак.
13.08.2018. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
менттер жайлады баарын
13.08.2018. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ушунун баарын кылган Бурулайдын ата-энесинде...мына кептин ьаары кайда жаткан. Мен мурун эле айткам че то тут не чисто деп... мына фото!!! Бала менен жакын мамиледе болбосо жон эле кучактатып тушпойт эле да фотого!!! Кызынын трагедиясына оз ата-энеси гана куноолу!!!!!
Pchelka85 түзөттү 2018-08-13 22:30:55
13.08.2018. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Милициялар эле шек жаратат
13.08.2018. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ар бир карга баласын аппагым дейт
14.08.2018. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Милициянын отделениясында бычактап киши олтуруу бул историяда да болгон эмес бул дежурстводо турган милициянын шалакылыгынын айынан.
14.08.2018. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Марс тирикпикен өзү алдынан көргөн адам барбы аны? Эмне үчүн жакындарын киргизбейт киргизип сураш керек.
14.08.2018. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызды болуп койгон бала кылбады бекен бул ишти,экоонор чогуу кеткиле деп намыстан улам. Кудай кечирсин аныгын билбей жазганымды
14.08.2018. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мен Менттерден эле көрүп жатам,эгер чындап тиги бала өлтүрсо, Твдан 100 маал берип камап, видео матерялдарды көрсөтмөк
14.08.2018. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Саламатсынарбы! Бул ишти бир гана Аллах билет, бирок менин оюмча бул жерде милициялардын эле куноосу бар.
14.08.2018. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Мен фотого ишенбеймин!Себеби бала кыз алып качканда кандай жазага тартылаарын билген!Кызды айтты зордоп колунан кармап фотого тушту же алдап кел фотого тушуп койолучу деди .себеби бала билген эмне иш кылып жатканын.А Бурулай болсо баары бир отурбаймын ата энем алып кетет бир нерсе кылып койбосун каршылык кылсам деп тушкон.Тыржыйып тушконун козунор корбой жататбы?Ошо бунун баарын фотого тарткан адамдан сурагыла айтып берет.Банк аркылуу акчаны дагы секин ойлоп пландаган.Куноо балада анан милицияда
14.08.2018. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayida,Bul jerde akcha 2017 jili dekabrda salinip turat~emne maida olturot elem dep plandagan deisinbi~Bul jerde kunooluu kizdin atasi~jana milisiya kizmatkerleri~jalgan aytip kuzundo kelgile dep~kaira bashka adam kuda tushtu dep~Ayabai adamdin jashoosun oyunchuk siyaktuu kiliptir~ardangan bala da kozuno ech nerse korunboi kirsik kildi bolush kerek kozu tumandap
14.08.2018. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карга баласын аппагым дейт
14.08.2018. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз канчалык суйлошсода олтургонго акысы жок болчу!Ар ким озу билет кимге тийишти!Жигит мн мамилеси жакшы экен анан ата энеси каршы болуп атат деп эле ала качып олтуруп койуш керекби? Милиция карабай куноо ошолордо болгон учун баланы эч нерсе кылбай койушту ушунча кундон бери. Кылмышкер колунда турсада.Качып келкенде шылтоо кылышмак таппай атабыз тапсак жазасын беребиз деп.Уялгыла акмактар бироонун айдай кызы олду.Башынарга тушот тез эле.Андан коро бала олтурду биз карабай койуп дегиле
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-14 12:49:46
14.08.2018. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыздын уй-булоосуно да, баланын Ата-энесине кыйын болду... Кыз бала суйлошуп жургону чын болсо, кызын берип
койсо болмок экен (((
14.08.2018. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Марсты мен 100процент колдойм,Кыргыздын нак нукура жигитисин,оз суйун учун акырына чейин бардын,ошол озуно сайган жараттан олуп кетсе,кыз да олуп,жигитта олуп Марс ак болмок!аттин ажалын жок экен калганы кудайдын жазганы, ким ушул суйууго жолтоо болуп,бут тоскон болсо ылайым жакшылык корбосун,анткени эки жаштын тагдырына ошол адам балта чапкан болот
15.08.2018. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shustryiboi,Ата энечи, ушунча багып остуруп, анан бир кыздын айынан турмого тушуп, ата энесин кейишке салып, ата энесине кайра туйшук жаратып, бул Бурулай болбосо, дагы бироо чыгат эле го,
14.08.2018. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altyn7776, такталбаган, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Билдирүү өчүрүлдү! Эскертүү!
15.08.2018. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Марстын досу кайда суракты ошондон алыш керек ал чогуу болгон,окуяны билет
15.08.2018. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ала качканы туура эмес баарынарда кыз бар жигити алып качып кетсе унчукпай а жигити алдейсинерби Ата озу билет кызын кимге беришти Атасы болгондон кийин тагдырын ойлойт алып качуу бул арам
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: