super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков өлкөбүз кайсы өлкөлөр менен жакын мамиледе болушу керектигин айтты

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук кеңештин жыйынында "Стратегиялык өнөктөшүбүз Орусия менен достук мамиленин өнүгүүсүнө өзгөчө маани берилет" деди.

Өлкө башчы коңшу өлкөлөр менен да мамилени жакшы тарапка өнүктүрүү керек экенин белгиледи.

"ЕАЭБ, Жамааттык коопсуздук келишими, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо - биздин стратегиялык максаттарыбыздын бири. Жакынкы кошунабыз болгон Кытай Эл Республикасы менен мамилебизди жакында эле стратегиялык деңгээлге көтөрдүк.

Түркия, Япония, Түштүк Корея, АКШ, Европа биримдигине кирген мамлекеттер жана Араб өлкөлөрү менен жакшы мамилелерди өнүктүрүүгө аракет кылабыз", - деди өлкө башчысы.

Учурда Бишкекте өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин VII жыйыны өтүүдө. Анда 2040-жылга карата Улуттук стратегиянын жана 2020-жылга карата шайлоо системин өнүктүрүүнүн долбоорлору кабыл алынмакчы. Аталган жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков биринчи жолу төрагалык кылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(10)
13.08.2018. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Президент туура айтыптыр кошуналар менен ысык мамиледи болсок гана жашообуз бир калыпка түшөт. Атамбаев убагында кошуналар менен мамилени суутуп карапайым эле азап тарткан эле.
13.08.2018. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жээнбеков тышкы саясатты да мыкты жүргүзүп, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргой ала турганын далилдеп жатат. Ал эми коншулар менен мамилени бекемдоого басым жасаганы абдан туура. Коншулар менен мамиле болбосо онугуп кетишибиз кыйын. Атамбаев Назарбаевге негизсиз асылганда канча эл жапа чекти чек ара жабылып
13.08.2018. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Bazake,
Жээнбеков экоон кой кайтаргылачы.
13.08.2018. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Mirlan27011987,Койду кайтара турган адамдар бар. Жакшы ишти коро албай, же озубуз иштебей асманды коздой түкүрүп сындай берсек кой кайтаргандан башкага жарабай журо беребиз
13.08.2018. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Акчасы жок Африкадан башкасы менен жакын болобуз
13.08.2018. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Сокенер эч жыргатпайт. Жарытып деле иш кылганын коро элекпиз. Атамбаевдин аркасы менен президент болуп алып, кайра сатып кетти го Атамбаевди. Атамбаев убагында коп иштерди жасаган. Анын бирин да Соке айталап айткысы келбейт. Атамбаев Бабановду колдош керек болчу. Сокени жон эле колхоз башчысы кылып койсо болмок.
yrmat88 түзөттү 2018-08-13 10:44:29
13.08.2018. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
yrmat88,Президент болуш дагы буйруктан Атамбаев татыктуу иштесе эмдигиче эл колдомок. Алты жыл мамлекеттик тоноп, карызга белчесинен батырып азыр жыргап жүрөт. Жээнбеков Атамбаевдин коррупционер кадрларын тазалайын деп ушунча убактысы кетти.
13.08.2018. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
yrmat88,Атамбаевдин мамилени бузуп кеткенде Жээнбеков ондободубу чек арада тизилип турган фура, камаздардын тарткан зыяндарын айтпай эле кой аны Атамбаев унутса да элдер унута элек, ошолордун баарын Жээнбеков жонго салганы да эсибизде.
13.08.2018. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жуз сомун болгончо жуз досун болсун демекчи ар Бир мамлекет менен Жогорку денгээлде мамиледе болуу бул Кыргызстан учун баардык тараптан абдан маанилуу.
13.08.2018. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АШАга караганда Жээнбековдун кадрларын сыйлап калдым. Анткени Атамбаевдин убагында музей, ТЕЦ, жол куруудан тушкон акчаларга коп жешиптир. Эми андай былыктардын кайталанбашына азыркы президенттин кадрлары жол бербейт деген ойдомун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: