Нарында жашылча ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Бишкек-Торугарт жолунда жашылча ташып бара жаткан жүк ташуучу Mercedes-Benz Sprinter унаасы оодарылып кетти. Бул тууралуу Нарын облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Окуя 12-август күнү саат 12:58дер чамасында Нарын шаарынан алыс эмес жерде болгон. Жол кырсыгы болгон жерге куткаруучу топ келип, айдоочуну унаадан алып чыгып "Тез жардам" кызматына өткөрүп берген.
Азыркы тапта кырсык эмнеден улам келип чыкканы такталууда. Айдоочунун абалы канааттандырарлык.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.