super.kg logo

"Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакированын өмүрүн алган жол кырсыгына шектүү мурда соттолгону айтылды

 

"Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова кырсыкка кабылган унаанын айдоочусу буга чейин соттолгон. Бул тууралуу маркумдун апасы Насипа Мамбеталиева 13-августта өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

"Сот шектүүнү балдары жаш деген шылтоо менен үй камагына чыгарып койду. Бирок Саниянын да кичинекей үч баласы бар. Эмнеге бир тараптуу карап жатышат? Шектүү жаран окуя болгон күнү мас абалында болгон жана унааны катуу ылдамдыкта айдаган. Ал кырсык болгон жерден кызым менен жанындагы досун таштап салып, Бишкектеги №4-ооруканага келип жатып алган. Ошондой эле ооруканага кырсыктап келгенин айткан эмес. Оюнда ал бул окуядан кургак чыгам деп ойлогондур. Ушунун баары тергөө ишинде каралдыбы билбейм. Андан сырткары айдоочу 2016-жылы дагы бейбаштык боюнча соттолгон экен. Бирок мындай маалыматты биз кечээ жакында билдик. Булар боюнча башында айтылган эмес. 15-августта Ысык-Көл райондук сотунда биринчи соттук отурум болот. Соттон акыйкат чечим күтүп жатам", - деди Мамбеталиева.

Ал эми жактоочусу Рустам Абдурауфов бул окуяда бир канча фактылар жашырылып жатканын кошумчалады.

Эске салсак, 2-июнда саат 21:30дар чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда Кыргыз өлкөсүнөн чыккан "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова жол кырсыгына кабылып каза болгон. Унаа Чок-Тал айылынын кире беришиндеги мүрзөнү курчаган дубалды сүзүп алган. Окуя болгон жерден 31 жаштагы жүргүнчү алган жаракатынан улам Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу туугандары тарабынан Бишкек шаардык №4-ооруканага жеткирилген. Ал эми маркум Сания Шакированын сөөгү 4-июнь күнү Кара-Балта шаарында жерге берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
13.08.2018. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биринчи кызынызды тарбиялаш керек болчу.Уй булоолу эркекти эрчип колго кетип калтырбай
13.08.2018. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Bars88,сен шам жакып отурдуңбу таксиге кимда болсо чыгат да.
13.08.2018. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jelezo,таксини башкарып бараткан бала Саниянын жигити экен эле жанындагы досу болуп атпайбы
13.08.2018. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jelezo, ааламга жарым жаланач денесин корсоткон мусульманин кызы кыйраткансып женуучусу деп озуно жараша эле болгон
Тушунбойм кыргыздын кызы кантип ушундай нерселерге катышат уятко дейм капырларга кошулуп жаланач болуп чыккан

Бул менин жеке оюм
13.08.2018. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне, Ким болсода бул боодо кырсык" ДТП" деп айтылат. Ал айдоочу ушинтемин демек беде. Бул жерде ар кимди куноолобой, сабыр тилегилечи. Апагада кыйын. Кырчындай дуйно сулуусу болгон кызынан ажырап турат
13.08.2018. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
patiydin,туура эле эки тараптуу карасан ал жакада бул жакада кыйын тиги баланын аялына Саниянын апасы кыздарына кыйын
13.08.2018. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне кылат эми соттоп кыз кайра келмек беле. Ал мас болсода кызды машинага зордоп салды беле оз калоосу мн отурганда машинага. Же мас экен чыкпай койбойт беле.
13.08.2018. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандай тушунбогон адамдар
13.08.2018. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
сенинда бир жакынын ушундай кырсыка квбылганда билмексин
Mital.89
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: