super.kg logo

Жалал-Абадда жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерди мас абалдагы айдоочу сүзүп кетти

 

Жалал-Абадда жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерди сүзүп кеткен айдоочуга кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 9-августунда Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн инспектор, милициянын старшинасы А.Асанов жол эрежесин бузуп бара жаткан Опель Астра үлгүсүндөгү автоунааны тосот.

Айдоочу буйрукка баш ийбей, унаасы менен инспекторду сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Ыкчам изилдөө иштеринин жыйынтыгында ошол эле күнү 38 жаштагы Сузак районунун тургуну Талгат.С. кармалып, анын алкоголдук ичимдиктерин ичкендиги аныкталган.

Факты боюнча "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми жабырлануучу А.Асанов учурда ооруканада дарыланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
13.08.2018. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кылмыштын бардыгы ичимдиктин айынанболуп жатат.
Бюджетти ичимдик которбосо которбой койсун тыюу салуу керек заводдоруна.
13.08.2018. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Арак арам тамак ал менен байыган адам дагы мамлекет дагы онукпоооойт!
13.08.2018. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ичкен жаман, бирок созго тушунбогон маи кызматкерлери дагы суттон ак эмес, акча берсен законду уруп ойнобойт, акчан жокто зокондуу болуп куйдурушот
13.08.2018. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олдун го дадын болот экен да бул жагы
13.08.2018. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мас болуп машина айдагандарга катуу чара көрүү керек антпесе өзү эле жабыркабай башкаларга да зыянын тийгизип жатышат. 100 000 сом өлчөмүндө штараф анан айдоочулук күбөлүгүнөн 3-4 жылга айруу керек. Ошондо мастарыбыз ойлонобу эле... гаи кызматкерине аллахым ден соолук берсин алда бала чака багам деп туратда.
13.08.2018. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беш жыл камаш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: