super.kg logo

Москвада бир аптадан бери дайынсыз болуп жаткан 70 жаштагы Абдырашит Токтогулов аман-эсен табылды

 

Москвада бир аптадан бери дайынсыз болуп жаткан 70 жаштагы Абдырашит Токтогулов аман-эсен табылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта SUPER.KG порталына анын жакындары кабарлады.

Маалыматка караганда, Токтогулов кечээ, 12-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:30дар чамасында Преображенская метросунан табылган. Ал 7-августта Щёлковская метросуна жакын жердеги үйлөрдүн биринен чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы маалымдалган.

"Жалпы кыргыз калкына ыраазыбыз, таякебиздин балдар-кыздарына кошулуп алып күнү-түнү издешкендер болду. Жакшы тилектерин айтып, биз менен кошо санаа тарткандар болду. 6 күндүк тынымсыз издөөнүн натыйжасында уулдары кечээ таап келишти. Таякебиз адашып кеткен экен, үйдү издеп жөө башка метрого кетип калыптыр, 6 күн ошол жакта жүрүптүр. Аз убакытка сейилдөө үчүн гана сыртка чыккандыктан, жанында документтери, кол телефону жок болчу. Психикалык жактан бир аз жабыркагандыктан өзү таап келе алган эмес. Көңүлүбүз жайына түштү", - деди Токтосуновдун жээни Бакытбек Буудайчиев.

Буга чейин маалымдалгандай, Абдырашит Токтогулов жубайы менен Москвага балдарына, эс алууга Жалал-Абаддын Сузак районунан барган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
13.08.2018. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жакшы жаңылык бактылуу болгула. Карысы бардын ырысы бар.
13.08.2018. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тезинен Кыргызстанга жоноткуло.
13.08.2018. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02,вахахаа
13.08.2018. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Москвада психикалык жактан оорубаган адам деле жоголуп кетет шаарды билбесен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: