Ата салты: Эмне себептен Кыргызда каза болгон жакынына кошок кошот? "Үчилик", "жетилик" түшүнүктөрү
Кыргызда каза болгон адамды акыркы сапарга татыктуу узатуу бул маркумга болгон акыркы сый-урмат катары эсептелет. Көз жумган адамды акыркы сапарга узатуу - анын балдарынын жана жакындарынын милдети. Маркум көз жумгандан тартып аны жерге бергенге чейин кыргыздардын алмустактан бери сактап, колдонуп келген өзүнүн ырым-жырымдары, салт-санаалары болгон.
Акыркы мезгилдерде сөөк коюудагы салттар болгон кошок кошуу, өкүрүп келүү, сөөктү 3 күн кармоо тууралуу коомчулукта эки кайчы пикир жаралып, туугандар арасында да ар кандай чыр-чатактар, пикир келишпестиктер чыгууда. Кыргызда өлүктү жайга коёрго чейин тестиер балдар таяк таянып боз үйдүн маркум жаткан тарабын карап туруп өкүргөн. Ал эми өлгөн адамдын кыз-кыркындары кошок кошкон.
Кыргыз философия илимдеринин докторлорунун жана Кыргыз салт таануучуларынын жазып, айткандарына таянсак, байыртадан эле кыргызда көз жумган адамдын денесин 3 күн кармашкан. Себеби адам көз жумгандан кийин анын жаны үч күн бою денесин айланчыктап жанында жүрөт. Ал эми жети күнгө чейин ошол жан дене жаткан мүрзөсүнүн жанында болот. Мына ошондуктан кыргыздар илгертен "үчилик", "жетилик" күндөрүн белгилешет. Дагы бир тарабы маркумдун алыста жашаган жакындары келип, аны менен коштошуп, топурак салып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү. Кээ бир маалыматтарга таянсак каза болгон адамдын жакындары анын жерге берилип жатканын өз көзү менен көрүп, топурак салмайын көксөөсү суубайт.
Ошондой эле кыргыздар өзүнүн каада-салтына кошокту бекеринен киргизген эмес. Кошок кошуп, өкүрүп ыйлап жаткан адам өзүнүн ичиндеги күйүтүн чыгарып алат. Мурда улуулар "жөн койгула, көкүрөгү сууганча ыйлап алсын, тыйсаңар ыза-муңу өзөгүнө түшүп кетип өмүр бою оорукчан болуп калат" деп айтышкан. Бул факт медицинада да такталган. Кошокто маркумдун жакшы жактары саналып, анын көзү тирүү кезинде кандай адам болгону сыпатталып берилет. Ал макталат, даңкталат, коштошуу сөздөрү кошулат. Муну менен тирүү адамдар анын ким болгонун, кандай жашап өткөнүнөн кабардар болушат.
кошулду

Кошок кыргызчылык салт. Жаманбы жакшыбы биз сыйлашыбыз керек. Бунунку биздин динчил сакалчандар кыргызга жакшылык кылышпайт. Молдолордун ан сезими арабташып кеткен жана араб каада салтын кыргыздын башына тануулап жатышат. Молдолордон жакшылык жок. Жаназа окуйбуз деп эле оздорун тын сезишет. Кыргыздар Тенирчи экенибизди унутпайлык. Эгер оз каада салтызбызда онуктуролук десек Тенирчиликти онуктуруу зарыл.
Манас атабыз исламды кабыл алган деп айрым манасчылар бурмадап койгон, болбосо Манастын толтура варианты бар, басымдуу болугундо бул боюнча айтылбайт...
Ал убакта учурдагы Кыргызстан аймагында тслам дини кабыл адынган да эмес, ислам дини 10-кылымда кабыл алынган Караханиддер тарабынан...
Эгер сенин ата-бабан 1000 жылдан ашуун мусулман болгон болсо, демек сен озбек, согдиан чалыш бир неме экенсин, кыргыздар арасында жашап калып кеткен. Бугун озун адашып кыргызмын деген...
Эми, биз кыргыздар 1000 жылдан ашуун убакыттан бери мусулманбыз дейсин, далилдей аласынбы?!! 1000-1200 жыл илгери кыргыздар кайда болгон?!! Же ошол убакта Кыргызстанды жердеген караханид, согди ж.б.урпагы болосунбу, ошолорду кыргыз деп тушунуп журосунбу?!
Барып лучше оз ата-бабандын тарыхын оку, бул жерде жомокчу болгуча...
Ата-бабабыздан калган салтты урматтайлы, сыйлайлы, аны тенирчилик менен да, ислам менен да аралаштырбагыла... Бул биздин ата-бабаларыбыздан кылымдар карытып келе жаткан салттар. Бирок айрым ысырапкерчилик, айрым жасалмалуулукту жою керек...
Бирок кошрк кошсо болбойт, палан-тукун деген кебинер озунордо калсын.....