Депутат Алмамбет Шыкмаматов чет өлкөдөгү потенциалдуу мекендештерди артка кайтарууну сунуштады
"Учурда өлкөгө "Кумтөр" кени менен мигранттардан гана ири акча түшөт". Мындай пикирин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Улуттук кеңештин жыйынында билдирди.
Анын пикиринде, потенциалдуу мекендештерди өлкөгө кайтаруу керек.
“Мекендештер" форумунда да ишкерлерге шарт түзүлсө алар өлкөгө кайтып келүүгө, инвестиция салууга даяр экенин айтышты. Региондорду аким, облус башчысы өнүктүрө албайт. Алардын укуктары чектелген. Өнүгүүнү инвестиция, акча ишке ашырат. Азыр бизге "Кумтөр" кени менен мигранттар эле акча берет. Сырттан акча келмейинче өнүгө албайбыз. Биз алгач патенциалдуу мекендештерибизди артка кайтарбайлыбы? Ошолор өнүктүрөт. Биз да парламенттин атынан колдоо көрсөтөт элек”, - деди Шыкмаматов.
Учурда Бишкекте өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин VII жыйыны өтүүдө. Анда 2040-жылга карата Улуттук стратегиянын жана 2020-жылга карата шайлоо системин өнүктүрүүнүн долбоорлору кабыл алынмакчы. Аталган жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков биринчи жолу төрагалык кылууда.
Алмамбет Шыкмаматов: "Региондорду өнүктүрүүчү бул - инвестиция"
