Спикер Дастанбек Жумабеков өлкөдө 800 миң жаран биометрикалык каттоодон өтө электигин айтты
"Өлкөдө 800 миң жаран биометрикалык каттоодон өтө элек". Бул тууралуу Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков Улуттук кеңештин жыйынында билдирди.
Анын пикиринде, бул кемчиликти тезинен жоюу керек.
"Канчалык көп жарандар шайлоого катышса, ошончолук бийликке ишеним артат. Жарандарга шайлоого катышуу алардын милдети экенин түшүндүрүш керек. Шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизилип жатыптыр. Менимче, ал боюнча пикирлерди Жогорку Кеңешке киргизилгенде айтабыз", - деди Жумабеков.
Учурда Бишкекте өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин VII жыйыны өтүүдө. Анда 2040-жылга карата Улуттук стратегиянын жана 2020-жылга карата шайлоо системин өнүктүрүүнүн долбоорлору кабыл алынмакчы. Аталган жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков биринчи жолу төрагалык кылууда.
Дастанбек Жумабеков: "Бизге саясий туруктуулук керек"


1 |