super.kg logo

Жактоочу Шарабидин Токтосунов Садыр Жапаровдун ишин караган соттордун үстүнөн Тартип комиссиясына арыз жазды

 

Абакта отурган саясатчы Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов анын ишин караган соттордун үстүнөн Тартип комиссиясына арыз жазды. Жактоочунун SUPER.KG'ге кабарлашынча, Жогорку Соттун судьялары Жапаровду камакта калтыруу боюнча соттун чечимин өз учурунда беришкен эмес.

“Садыр Жапаровдун ишин караган Жогорку Соттун судьялары Кеңешбек Токтомамбетовдун, Бусурманкул Бактыгуловдун жана Нургүл Бакированын үстүнөн Тартип комиссиясына арыз жазгам. Алар мыйзамды көз көрүнөө бузду. Садыр Жапаров боюнча чыккан соттук токтомду мага дароо бериш керек эле, мүмкүнчүлүк жок болсо, 10 күндүн ичинде бериш керек. Мага токтом 16 күндүн ичинде берилди. Өз мөөнөтүндө берилбеген учурда токтомдун юридикалык күчү да жоголот. Алар мыйзамды тебелеп жатышат. Андан сырткары Жапаровдун ишиндеги жаңы жагдайлар пайда болду. Жакында Башкы прокуратурага кайрылганы жатабыз”, - деди Токтосунов.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун чечимин Бишкек шаардык соту, андан кийин Жогорку Сот күчүндө калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(4)
13.08.2018. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биздин сотторду тартибке салбаса өздөрүн өздөрү билип өтүгүн төргө илип калышты.
13.08.2018. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эх садыр жапаров!!!ден соолугунуз чын болуп эртереек чыгып кетиниз жалал абад эли сиз менен,бар болунуз!!!
13.08.2018. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Садыр агайга окшогон алысты коро билген мекенчил инсандарды камоонун ордуна булардын акылын пайдаланып иштетиш керек.
14.08.2018. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эх кайран элбиз ушундай мыкты,журогу таза,мекени учун каруусун казык кылган темирдей агаларыбызды пайдаланып иштетип калгандын ордуна наборот камап отурушат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: