super.kg logo
  Саясат  

Караколдун мэри: "Өкмөт башчы шаардык кеңештин мага ишеним көрсөтпөө чечимин колдогон жок"

 

"Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев шаардык кеңештин мага ишеним көрсөтпөө чечимин колдогон жок", - деп бүгүн, 13-августта SUPER.KG порталына Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев билдирди.

Анын айтымында, өкмөт башчынын жообу шаардык кеңешке келген.

Каракол шаардык кеңешинин төрагасы Эрлан Айсаракунов SUPER.KG порталына билдиргендей, өкмөт башчы "азырынча ишеним көрсөтпөө чечимин токтотуп тургула" деп факс жөнөткөн. "Шаардык кеңештин ишеним көрсөтпөө чечими премьер-министрге жөнөтүлгөн. Өкмөт башчы мэрдин ишинин көрсөткүчү жакшы экенин билдирген. Абылгазиев азырынча шаар башчысына ишеним көрсөтпөөнү токтотуп тургула деп факс жөнөттү. Эми премьер-министрдин жообу боюнча фракциянын лидерлерине маалымат берилип, чечим чыгарабыз", - деди Айсаракунов.

Буга чейин Каракол шаардык кеңеши Арпачиевге ишенбөөчүлүк көрсөткөнү кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: