Бишкекте аялдардын укуктары боюнча окутуу болууда
Бүгүн, 29-июнда Бишкек шаарында алдардын укуктары боюнча окутуу болууда. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу болгон “Бир дүйнө – Кыргызстан” укук коргоо кыймылынан билдиришти. Окутууга катышкандар лидерлик сапаттарды өнүктүрүү, саясаттагы активдүүлүк, укуктарды коргоо жана аялдардын кызыкчылыктарын мыйзам, мамлекеттик органдар аркылуу ишке ашырууну үйрөнүшөт. Окутуу-тренингге аймактардагы айылдык кеңештин депутаттары, активисттер жана укук коргоочулар катышып жатат. Аталган иш-чара 1-июлда соңуна чыгат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

