super.kg logo

Өлкөгө мыйзамсыз жол менен алынып келген оор жүк ташуучу унаа кармалды

 

Өлкөгө мыйзамсыз жол менен алынып келген оор жүк ташуучу Вольво ФН12420 үлгүсүндөгү унаа кармалды. Бул тууралуу 13-августта SUPER.KGʹге Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан (Каржы полициясы) кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, кармалган унаа чет өлкөдөн Кыргыз мамлекетинин аймагына 2017-жылы алынып келип, жасалма документтер менен каттоого алынган.

“Кымбат баалуу унааларды ташып кирүү боюнча аныкталган коррупциялык схеманын алкагында тергелип жаткан кылмыш иши боюнча ыкчам изилдөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. 11-августта “Кемин” салмак көлөмдүк көзөмөл пунктуна жакын жерден 2003-жылы чыгарылган Шмитц үлгүсүндөгү чиркегичи бар Вольво ФН12420 үлгүсүндөгү автоунааны табышкан.

Аталган унаа өлкө аймагына 2017-жылы алынып келгени жана мамлекеттик бюджетке тийиштүү бажы төлөмдөрү төлөнбөнү белгилүү болгон. Унаа жасалма документтер менен Кара-Көл шаары боюнча Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинде катталганы аныкталды. Мунун натыйжасында мамлекеттик бюджетке 1 миллион сомдон ашык зыян келген, - деп билдиришти мекеменин маалымат кызматынан.

Учурда өлкөнүн бардык аймактарында ушундай фактыларды аныктоого багытталган текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Буга чейин ИИМ ЕАЭБге кирген өлкөлөрдөн уурдалган 45тен ашык унаа Кыргыз мамлекетинен табылганын кабарлаган. Анда уурдалган унаалардын ичинде Лексус, Тойота, Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жол тандабастар бар экендиги жана 82 пайызынын VIN-сыр белгиси өзгөртүлгөнү айтылган. Ошондой эле унааларды уурдоо менен алектенген Орусия жана Кыргыз мамлекетинин жарандарынан турган кылмыштуу топ бар экендиги кошумчаланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: