super.kg logo
  Спорт  

Ысык-Көлдө 4 өлкөнүн аскердик кызматкерлери арасында гиря көтөрүү боюнча эл аралык мелдеш аяктады

 
Спортчулар Тамга айылына 26-июнь күнү келип түшүштү. Аларды бул санаторийде май, нан жана кымыз менен тосуп алышты
Спортчулар Тамга айылына 26-июнь күнү келип түшүштү. Аларды бул санаторийде май, нан жана кымыз менен тосуп алышты
26-июнь күнү спортчулар таразага түшүп, салмак категорияларга бөлүштүрүлдү. Ар бир команданын бирден өкүлүнүн катышуусунда отурум болду. Буга журналисттер да катышты
Отурумда калыстар тобу менен тааныштырылды. Калыстык милдетти аркалоо үчүн Осмоналиев Бейшенбек, Шабашов Александр, Петров Александр, Куйкеев Азизбек, Федоров Борис, Дуйшеналы уулу Нуралы чакырылышкан
Казакстан курама командасы
Орусия курама командасы
Кыргызстан курама командасы
Украина курама командасы
Мелдешке келген сыйлуу конок катары КРнын Коргоо министринини орун басары Жаныбек Капаров, полковник Искандер Икрамов, полковник Дүйшөнбек Исакулов, Тамчы айылдык аймагынын башчысы Иса Манапбаев, КРнын Гиря спорту боюнча федерациясынын президенти Иличбек Чокоев жана Баткен республикалык аскерлер кеңешинин башчысы Сатыбек Молдалиев келишти
27-июнь. Мелдеш 63 килограмм салмактык бөлүктө, гиряны түртүп көтөрүү түрү боюнча старт алды. Эреже боюнча 10 мүнөт убакыт ичинде спортчу 32 килограммдык гиряны канча көтөрө алса, ошончо көтөрөт. Чемпион ушуга жараша аныкталат
Руслан Кыргызстандын эсебине жалгыз алтын медалды жаза алды. Ал кыргызстандык гиря көтөрүүчүлөрдүн катарында да жалгыз гана Эл аралык класстагы спорт чебери экенин кошумчалай кетели
63 килограм салмактагы спортчулардын ээлеген орундары: 1-орун Сапаркин Игорь (Орусия) 2-орун Шахиев Аскат (Казакстан) 3-орун Тойкулов Өмүрбек (Кыргызстан)
68 килограмм: 1-орун Яковлев Евгений (Орусия) 2-орун Пронтенко Василий (Украина) 3-орун Баимбетов Артур (Казакстан) 4-орун. Аманбаев Омуркул (Кыргызстан)
Кыргызстандын биринчи күмүш медалынын ээси Тойкулов Өмүрбек
105 килограмм жогоркулар арасында(абсолюттук салмак): 1-орун Михалев Александр (Орусия) 2-орун Нургазин Адилхан (Казахстан) 3-орун Козлов Павел (Кыргызстан)
73 килограмм: 1-орун Мащенко Олег (Орусия) 2-орун Андрейчук Владимир (Украина) 3-орун Богатый Анатолий (Кыргызстан) 4-орун. Теплухин Иван (Казакстан)
78 килограмм: 1-орун Тагиров Руслан (Кыргызстан) 2-орун Ташланов Илья (Орусия) 3-орун Кормаков Андрей (Казакстан)
85 килограмм: 1-орун Гафаров Денис (Орусия) 2-орун Заратуйченко Виктор (Украина) 3-орун Клобук Олег (Казакстан) 4-орун. Ыкынов Улукбек (Кыргызстан)
95 килограмм: 1-орун Анасенко Антон (Орусия) 2-орун Диденко Виталий (Казакстан) 3-орун Данилишин Иван (Украина) 4-орун. Жоробеков Нурлан (Кыргызстан)
95 килограмм: 1-орун Анасенко Антон (Орусия) 2-орун Диденко Виталий (Казакстан) 3-орун Данилишин Иван (Украина) 4-орун. Жоробеков Нурлан (Кыргызстан)
105 килограмм: 1-орун Денисов Иван (Орусия) 2-орун Бактыгулов Аскар (Кыргызстан)
Денисов Иван бул күндүн рекордчусу болду. Жулкуп көтөрүүдө ал 32 килограммдык гиряны 213 ирет башынан өйдө көтөрдү

27-июнда “Тамга” аскер санаторийинде КМШга мүчө мамлекеттердин достук армиясынын гиря көтөрүү спорту боюнча эл аралык мелдеши болуп өттү. КРнын Коргоо министрлиги тарабынан уюшулган мелдешке Кыргызстан, Орусия, Казакстан жана Украина мамлекеттеринен 40тан ашуун спортчу келип катышышты. Мелдеш 32 килограмм келген гиряны силкип көтөрүү жана жулкуп көтөрүү ыкмаларында 7 салмактык категорияда (63, 68, 73, 78, 85, 95, 105 килограммга чейинки жана 105 килограммдан жогорку) өткөрүлдү. Ага жалаң гана 4 өлкөнүн аскердик кызматкерлери катышышты. Мелдеште орусиялык спортчулардын артыкчылыгы аларга командалык эсепте биринчи орунду алып келди. Кыргызстан экинчи орунду ээлесе, 3-орунду Казакстандын спортчулары камсыздашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
29.06.2013. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бүт эле орустар 1ди алып таштаптирго кысталак.Даага биз кыргыз р мактанып коебузда ,биз күчтүү кара кучбүз деп...
29.06.2013. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Орустарда спортко жакшы конул бурулат, 6 жашар баланын бир буту мектеп босогосун аттаса, экинчи буту спорт комплекстин босогосун аттайт. А бизде болсо мектеп жашынан тартып саясатка баш салабыз!
30.06.2013. 03:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жаман эмес,азматсынар жигиттер!
30.06.2013. 04:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы 2чини алыптыр ошого да ыразы боло берели биз деген Кыргызбызда ошого жакын калганда даяардаган болсо керек.
30.06.2013. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча жолу көтөрүшкөнүн да жазып койсонор жакшы болмок экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: