super.kg logo

Японияда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата семинар өтүп, жазуучунун япон тилине которулган китептери көрсөтүлдү

 

Японияда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата семинар өттү. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчилиги эл аралык Япониянын Социалдык клубунун өкүлдөрү менен өткөргөн. Бул тууралуу 13-августта Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Анда Айтматовдун сүрөттөрүнүн жана япон тилине которулган китептеринин презентациясы көрсөтүлдү. Ошондой эле эки тараптуу мамилелердин жетишкендиктери жана ушул жылда өткөрүлө турган иш-чаралар тууралуу маалымат берилди.

"Семинардын катышуучулары Кыргыз Республикасынын туристтик даремети тууралуу маалымат менен таанышты. Эки өлкө ортосунда узак мөөнөтү жана натыйжалуу иш-аракеттердин жыйынтыгы боюнча III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында сумо спортчулары, кол күрөш жана башка күрөштөр боюнча спортчулардан жана судьялардан турган Япон делегациясынын катышуусу күтүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Кыргыз жерине Япониянын музыканттары жетектеген ар кандай өлкөлөрдүн ооз комузчуларынын ансамблинин келиши мүмкүн экени айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.08.2018. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы. Айтматовду даназалоо ар бир кыргыздын милдети. Айтматовдун ойлору аркылуу ар бир кыргыз ички дуйнобузду озгортолук. Айтматовдун ар бир осуятын, ойлорун, чыгармаларын изилдеп, керек болсо кыргыз эли учун бир руханий китеп жазуу керек.
14.08.2018. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда ар бир адам Айтматовдой терен ой жугуртсок, кун сайын адам болуп жашоого аракет кылсак адашпайбыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: