super.kg logo

Ысык-Көлдө сууга унаасы менен киргендерге 500 сомго чейин гана айып пул салынат

 

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы "Үч-Чуңкур" эс алуу жайында белгисиз жарандар жүк ташуучу унаа менен көлгө чейин кирип кетишкен. Бул тууралуу социалдык тармактардын бирине Айбек Жаныбаев аттуу колдонуучу жазып чыккан.

"Бул адамдар туптуура көлгө чейин унаасы менен кирип кетишти. Эс алуучулардын эскертүүсүнө копол жооп кайтарып, эч кимди угушкан жок" деп жазган колдонуучу.

Бул боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ысык-Көл облусундагы жетекчисинин орун басары Нурлан Жолдошбаевге кайрылганыбызда, ал төмөндөгүлөрдү билдирди.

"Көлдүн айланасында бир топ каралбаган кум жээктер бар. Анын баарын бир учурда көзөмөл кылуу мүмкүн эмес. Кайдыгер карабаган жарандар аларды сүрөткө тартып, ар кандай социалдык тармактарга жүктөп жатышат. Бир топ сүрөттөр бизге да келди. Мындай учурларда биздин инспекциянын протокол түзүүгө гана укугу бар. Протокол түзүп сотко жиберебиз. Чечимди сот чыгарат. Сууга унаасы менен киргендерге салынуучу айып пулдун көлөмү 200дөн 500 сомго чейин гана белгиленген", - деди Жолдошбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.08.2018. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Военный машина турбайвы буларды эчкимди укпайт
14.08.2018. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulmira12345,каяктан кордун военный экенин биринчиден военный унаанын номери кара тусто болот жана кайсы частыкы экенин карап эле билсе болот.
15.08.2018. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulmira12345,сага кызыл нерсенин баары помидор боло береби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: