Өзбекстандын эрежесиз уруш боюнча чемпиону Жамшид Кенжаевдин бычакталган окуясы видео камерага түшүп калган
Интернетке Өзбекстандын эрежесиз уруш боюнча чемпиону Жамшид Кенжаевдин бычакталган окуясы тартылган видео тарады. Окуя Өзбекстандын Ташкент шаарындагы түнкү клубдардын биринде 9-августка караган түнү болгон. Жергиликтүү ЖМКлардын өлкөнүн Башкы прокуратурасынын маалыматына таянып жазганына караганда, 25 жаштагы чемпион клубка ашкана бычагы менен кирүүгө аракет кылганда клубдун күзөтчүлөрү менен чырдаша кеткен. Жыйынтыгында ортодо уруш чыгып, чемпиондун көкүрөк тушуна бычак сайылган. Ал дароо ооруканага жеткирилип, бирок каза болуп калган.
Клубдун сыртына коюлган камерадан Кенжаев менен мушташкан күзөтчүлөрдүн да бычактан жаракат алганын көрүүгө болот. Алар да ооруканага кайрылып, дарыгерлердин жардамын алышкан.
Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.
Ташкентте Өзбекстандын эрежесиз уруш боюнча чемпиону Кенжаев бычакталды



Эми менин оюма келсек, 1 - жолу урушканда эле антип өлтүргөнчө урушпаса керек эле,охраналардын жете турган жерине жеткиргенде анан булар ушул ишке барышты деп ойлойм.
Ага бычак сайылбаган кундо да ошончо адамдын ур-токмогунан олуп калышы мумкун эле... Тиги ошончо кузотчу жерде жатканга алы жетиптир чоого окшоп, жыгылганды тепкилеп. Баарын камаш керек, бирин койбой...