Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик иш сапары менен Түркмөнстанга барат
Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга мамлекеттик иш сапары менен бара турганы пландалып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Түркмөнстандын басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик иш сапар 23-24-август күндөрү болот. Жээнбеков Түркмөнстандын “Аваза” туристтик аймагында өтө турган Аралды сактап калуу фондун негиздеген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммитине катышат.
Ал эми Кыргыз мамлекетинин президенттик аппаратынын басма сөз кызматы бул тууралуу расмий маалымат бере элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

