super.kg logo

Сапар Аргынбаев: "Атамбаевдин тобу энергетика тармагына келген инвестицияны тоноо жолуна түшкөн"

 

Электр энергиясы боюнча жаңы мыйзам долбоору энергетика тармагындагы коррупцияны күчөтөт. Мындай пикирин бүгүн, 14-августта "Түндүк электр" ишканасынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Сапар Аргынбаев журналисттерге билдирди.

"Электр энергетикасы боюнча жаңы мыйзам долбоору биринчи окуунун алдында коомдук талкууга чыгарылган. Ал мыйзам долбоору чоң электр компанияларына атаандаш катары майда компанияларды түзүп, электр энергиясын сатууда атаандаштыкты алып келүүчү мыйзам болчу. Бул мыйзам долбоору атаандыштыкты түзө албайт. Тескерисинче, бул жерде коррупциялык кызыкчылык жатат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тобу энергетика тармагына келген инвестицияны тоноо жолуна түшкөн, аны Бишкек ЖЭбиндеги окуя көрсөттү. Энергетика тармагын коррупциялаштырып, карызга батырып салышты. Эми бүгүнкү күндө карыз билинбей калсын деген максатта ошол топ коомду өзгөртө турган мыйзамды Сооронбай Жээнбековдун алдына коюп коюшту, президент эми өзү чечет", - деди Аргынбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: