super.kg logo

Мамлекеттик гербдин автору Асейин Абдраев каза болду

 

Кечээ, 13-августта мамлекеттик гербдин автору Асейин Абдраев 70 жаш курагында узакка созулган оорудан улам каза болду. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тастыктады.

Асейин Абдраев 1948-жылы Нарын районундагы Кара-Үңкүр айылында туулган. 1969-жылы Бишкектеги көркөм сүрөт окуу жайын, 1980-жылы Алматыдагы Абай атындагы университетти бүтүргөн. 1993-жылы "Билим берүүнүн отличниги" наамына татыса, 1994-жылы "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер" наамын алган.

Ал Садырбек Дубанаев менен биргеликте 1994-жылы кабыл алынган мамлекеттик гербдин автору болуп эсептелет.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Асейин Абдраевдин үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.08.2018. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун!Озу олсо да артында олбос эмгеги калыптыр..
15.08.2018. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекет башчысы жок эле дегенде үй-бүлөсүнө көңүл айтып, эсебинен акча бөлүп бербесе болбос. Жөн киши эмес, кантсе да Гербдин автору эмеспи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: